КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “КӨЙГӨЙЛӨР МЕНЕН КҮРӨШҮҮ ҮЧҮН ЧОҢ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДОЛБООРЛОРДУ ТАРТАБЫЗ”

  • 23.08.2023
  • 0

«Билим берүүнү өнүктүрүүнүн санариптик платформасы жана жашыл көндүмдөр» аталышында Талас облусунун билим берүү тармагынын кызматкерлеринин август педагогикалык кеңешмеси өттү.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “КӨЙГӨЙЛӨР МЕНЕН КҮРӨШҮҮ ҮЧҮН ЧОҢ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДОЛБООРЛОРДУ ТАРТАБЫЗ”

Ага билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев катышты. Билим берүү стандарттарынын жаңы багыттарын аныктоо, мектепке чейинки билим берүүнүн усулдук программаларына өзгөчөлүктөрдү киргизүү, мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, мугалимдердин милдеттүү квалификациясын жогорулатуу, окуу программаларынын инновациялык методикасын пайдалануу, бүтүрүүчүлөрдүн Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо процесстериндеги аракеттердин натыйжалуулугу, башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын бүгүнкү эмгек рыногунун талаптарына ылайык кыска убакытта жумушчу кадрлардын сапаттуу даярдалышы, өздүк каражаттарды көбөйтүп окуу жайлардын өнүгүүсүнө пайдалануу боюнча баяндама жасап: «Талас облусунун билим берүүсү анализдик көрсөткүчтөргө ылайык билим сапаты начарлап кеткен региондордун катарына кирген. Жана облус боюнча болгону беш бала Алтын тамга аттестатына ээ болсо, дээрлик 30 пайыздан ашуун бала Жалпы республикалык тестирлөөнүн жетиштүү баллын тапшыра албай калган. Бул көйгөйлөр менен күрөшүү үчүн жыл боюнча чоң жумушчу топ иш алып барат жана  келээрки жылда башка жыйынтыктарды беребиз», — деп белгилеп, эл аралык донорлор менен кызматташууну күчөтүү менен бул тармакка чоң инвестициялык долбоорлорду тартуу керектигин айтты министр.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “КӨЙГӨЙЛӨР МЕНЕН КҮРӨШҮҮ ҮЧҮН ЧОҢ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДОЛБООРЛОРДУ ТАРТАБЫЗ”

Быйыл эле Талас облусунда 15ге жакын мектеп бала бакчалар салынууда. Келечек муундун татыктуу билим алуусу үчүн баардык аракеттер көрүлөт.

“1-сентябрдан баштап мектеп директорлорунун жана завучтартардын айлыгы 50 пайызга көтөрүлөт биз мугалимдер үчүн да кам көрүүнү унуткан жокпуз”, —  деп сөзүн жыйынтыктады Кыргыз Республикасынын билим жана илим министри Каныбек Иманалиев.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер