КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ БУУнун ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 15.03.2023
  • 0

14-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ БУУнун ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Жолугушууда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 5 жылдык программасынын (2023-2027-жж.) алкагында мектептеги тамактануу маселелери боюнча биргелешкен иш алып баруу талкууланды.

Министр Каныбек Иманалиев БУУ ДАТПнын билим берүү тармагына көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, жигердүү кызматташтык уланарын билдирди.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү жана өлкөлүк директору Кожиро Накай мектептеги тамак-аш маселеси боюнча гана эмес, ар кандай багытта кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

“Соңку 10 жылдан бери 1-4-класстын балдарына ысык тамак-аш берүү боюнча кызматташып келебиз. Алдыда 5 жылга карата жаңы стратегиялык план түзүлүп, ал жаңыдан ишке кирип жатат. Эгерде алдыдагы реформаларда бул долбоорго бала бакчаларды кошуу ниетиңиздер болсо, аларды колдогонго даярбыз. Мындан тышкары элеттеги коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында түрдүү окутууларды жүргүзүү боюнча сунуштар болсо, колдоого алганга даярбыз”, — деди Кожиро Накай.

Бөлүшүү

Комментарийлер