КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 24.02.2023
  • 0

Бүгүн, 24-февралда Иманалиев Каныбек Капашович билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги КР билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер