КАНТИП КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮН БИЛИМ БЕРҮҮ АРКЫЛУУ ЧЕЧСЕ БОЛОТ?
- 19.12.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин катышуусунда өтүп жаткан “Мектептер 2030” долбоорунун республикалык форумуна аймактардан мугалимдер, окуучулар жана алардын ата-энелери катышууда. Форумга 200 адам онлайн, 70 адам оффлайн катышты.
Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн борборунун директору У.К. Рыскуловдун билдирүүсүнө караганда, форумдун максаты жана идеясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стратегиясынын негизи болгон 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына ылайык, “Климаттык кризис учурунда билим берүү: кантип туруктуу өнүгүүгө көмөктөшө алабыз жана климаттын өзгөрүшүн мектептер жана билим берүү системалары аркылуу чечсек болот” деген темага багытталган.
— Ошондой эле коомдо курч маселени туудурган “Мугалим, окуучу жана ата-эненин” мамилесин чыңдоо, бирге иш алып баруунун практикалык методдун ишке ашыруунун негизинде “Жашыл бакча багбаны жана шаардагы жашыл балкондор” аттуу органикалык өсүмдүктөрдү өстүрүү сынагынын жыйынтык отчету берилди. Анын алкагында биздин келечебиз балдар тууралуу ойлонуу, глобалдык кризис убагында мектеп программасынын негизинде кандай чечимдерди кабыл алуу керек, күрөшүүнүн чукул иш-аракеттерине өтүү, каржылоо сыяктуу маселенин тегерегинде болду. Форумда изилдөөлөр, презентация, органикалык дасторкон, дискуссия, изилдөө үчүн тартылган видеоматериалдар ж.б. тартууланды, — дейт жетекчи.
Форумдун максаты — өспүрүмдөрдү эмгекке тарбиялоо, алардын физикалык күчүн калыптандыруу; жаратылышты сүйүүгө, түшүнүүгө, кам көрүүгө, маалымат алууну жана билимин тереңдетүүгө багыт берүү; тирүү организмдеги зат алмашуу процессин нормалдаштырууга өтө маанилүү болгон жердин, күндүн жана өсүмдүктүн энергиясын сиңирип алуу үчүн жашыл көндүм катары өсүмдүк өстүрүүнү өздөштүрүү; климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу уулуу газдарга же азот диоксидине каршы абаны тазартуучу өсүмдүктүн ролу тууралуу маалымат алуу жана аны тажрыйба жүзүндө ишке ашырууну көздөдү.
Иш-чарада “Тамак-аш коопсуздугунан жана экологиялык көйгөйлөрдөн улам айыкпас жана өнөкөт оорулардын келип чыгышы, статистикалык маалыматтар” боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери Мария Кушбакова бөлүшсө, “Органикалык айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө биологиялык методдорду колдонуу” темасы боюнча Аида Малабаева презентациясын көрсөттү. Ал эми “Абанын булганышынын себептери, Бишкектин географиялык абалы ышка кандай таасир этет?” темасында Медетбек Анарбек уулу, “Климаттын өзгөрүүсүнүн айлана-чөйрөгө жана адамга тийгизген таасири” темасы боюнча Нурифер Ниязова, “Органикалык айыл чарба Кыргызстандын келечеги” темасын Мирлан Жолдошбаев, “Мугалим, окуучу жана ата-эненин жашыл көндүм үчүн аракети” темасы боюнча Буузия Увайдиллаева, “Жашыл бакча жана бала” темасы боюнча Кымбат Бактыбекова жана “Жашыл бакчанын балдарга тийгизген таасири” темасы боюнча Замира Файзиллаевалар мастер-класс, презентацияларын тартуулашты.
Форумдун соңунда Республикалык экология, жерин таануу жана балдар өспүрүмдөр борборунун директору У.Рыскулов жыйынтыктап, сыйлык жана грамота тапшырды.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер