КАН МАЙДАНДА СНАЙПЕР, ТЫНЧ ТУРМУШТА МУГАЛИМ

  • 09.05.2020
  • 0

Калыкбеков Аскар аксакал кан күйгөн согуш отун кечип, мекенди коргоп барып келгенден кийин көп жылдар бою мугалим болуп үзүрлүү эмгектенди. Азыр Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын эл-журт менен мамлекеттин бийик сый урматына бөлөнүп тосуп жатат.

КАН МАЙДАНДА СНАЙПЕР, ТЫНЧ ТУРМУШТА МУГАЛИМ

 

Калыкбеков Аскар 1925-жылдын 20-январында Нарын районуна караштуу Төш-Булак айылында туулган. 1935-1942-жылдары Төш-Булак жети жылдык мектебинде  билим алган. 1942-жылдын сентябрь айында Нарын шаарындагы педагогикалык техникумдун тил факультетине тапшырган. Окуп жаткан кезинде комсомолго өтүп, билет алууга үлгүрбөй, өз ыктыяры менен 1943-жылдын январь айында Улуу Ата Мекендик согушка аттанган.

Адегенде Ыраакы Чыгышта, андан кийин азыркы Пермь областында атайын даярдыктан өтүп, снайпер — кенже сержант наамын алган.  II Прибалтика фронтунун 1336-аткычтар полкунда кызматын өтөгөн. Великие Луки шаарын бошотуудан баштап, Латвиянын чегине чейинки аралыкта чоң салгылаштарда болгон. Айыгышкан катуу салгылашта оң бутунан оор жаракат алып, аскердик госпиталда алты жарым ай жаткан. Айыгып чыгып, 1945-жылдын март айында ата конушуна кайтып келген.

1945-жылдын июнь айынан баштап колхоздун уй фермасында эсепчи, андан кийин жылкы фермасынын башчысы болуп иштеген. Андан кийин педагогдук кесипке өтүп, Төш-Булак мектебинде 1947-1948-окуу жылынан баштап орус тили жана кыргыз тили мугалими болуп иштей баштаган. Мамлекеттик билим берүү башкармалыгынын чектөөлөрүнө ылайык, Оорук-Там, Ийри-Суу мектептеринде орус тили, кыргыз тили мугалими, кийинчерээк башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенген. 1952-жылы КПССтин мүчөсү болуп кабыл алынган. 1962-жылдан 1980-жылга чейин Жер-Көчкү сегиз жылдык мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп иштеген. Жалпысынан мугалимдик кесипте 33 жыл үзгүлтүксүз эмгектенип, билим берүү жана тарбиялоо ишинде өз салымын кошкон.

Ата Мекенди коргоого жана жаш муундарды тарбиялоого кошкон көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн «Улуу Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы» ордени, «1941-45-жж. УАМСта Германияны жеңгендиги үчүн», «Эрдиги үчүн»,  «Жуков», «1941-45-жж. Согуштун Ветераны ардак белгиси», «СССР Куралдуу Күчтөрүнө 50 жыл», «1941-45-жж. УАМСтун жеңишине 20, 25, 30, 50, 65 жыл», «Эмгектин Ардагери» медалдары жана райондук билим берүү бөлүмүнүн бир нече жолку «Ардак грамоталары», «Ыраазычылык каттары» менен сыйланган.

КАН МАЙДАНДА СНАЙПЕР, ТЫНЧ ТУРМУШТА МУГАЛИМАрдактуу эс алууга чыккан 1980-жылдан тартып Жер-Көчкү айылында Аксакалдар Кеңешинин, андан кийин Аксакалдар сотунун төрагасы болуп көп жылдар бою иштеп турган. Аксакалдар соту катары калыс чечим чыгарып, эл ичинде ынтымакты сактоого жумшаган аракети үчүн да райондук Ардак грамотага татыктуу болгон.

2010-жылы 7-майында «Нарын районунун Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган.

Байбичеси Калыкбекова Ырысбүбү экөө 6 уул, 2 кызга татыктуу билим-тарбия берип, эрезеге жеткиришкен.  Учурда айылдын кадырлуу аксакалы катары нарктуу кеби, набааттуу адеби менен жаштарга үлгү көрсөтүп, урмат-сый үстүндө балдарынын чайын ичишүүдө.

 

Кенжебай Кыдыров

Бөлүшүү

Комментарийлер