КАМКОРЧУЛАР КЕҢЕШИ — ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ӨНҮГҮШҮНӨ ӨБӨЛГӨ   

  • 21.02.2019
  • 0

Республикада Билим берүү жана илим министрлигине караштуу жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда Камкорчулар кеңешин түзүү иши соңуна чыгууда. Бүгүнкү күнгө чейин 32 жождун жыйырма алтысында Камкорчулар кеңеши түзүлсө, орто кесиптик окуу жайлардын онго жетпегени гана калды.  

КАМКОРЧУЛАР КЕҢЕШИ - ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ӨНҮГҮШҮНӨ ӨБӨЛГӨ   

Билим берүү жана илим министрлигинде Камкорчулар кеңешинин түзүмүн тандоо боюнча түзүлгөн комиссиянын катчысы Д.Алибаеванын айтымында, ушул айдын аягында дагы эки окуу жайдын Камкорчулар кеңешинин курамы бекитилет. Башка окуу жайлар болсо эмнегедир бул ишке анчейин маани бербей жатышат.

  • Камкорчулар кеңешин тандоо боюнча атайын түзүлгөн комиссия тандоо ишин ушул айдын аягында жыйынтыктайт. Бирок эмнегедир бул маселеге бир топ окуу жайлар кош көңүл мамиле кылып жатышат. Мыйзам боюнча ар бир окуу жайда Камкорчулар кеңеши болушу керек. Бул окуу жайлардын өздөрүнө жакшы. Комиссиянин иши болсо экинчи этапта уланат. Анда түзүлгөн кеңештердин иштери менен таанышуу жүргүзүлөт, — дейт катчы.

Негизи 2013-жылы окуу жайларда мыйзамсыз чогултулган акчаларга тыюу салуу жана окуу жайдын бюджетин көзөмөлдөө максатында Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен Камкорчулар кеңеши түзүлүп башталган. Бирок кеңештердин мүчөлөрү Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан тандалчу эмес. Андыктан Билим берүү жана илим министрлигинде 2017-жылдын этегинде Камкорчулар кеңешинин курамын тандоо боюнча комиссияны түзүү боюнча атайын жобо иштелип чыккан. Ушул жобону жана министрликтин коллегиясынын 2018-жылдын 18-майындагы токтомун аткаруу үчүн Камкорчулар кеңешинин түзүмүн тандоо боюнча 11 мүчөдөн турган комиссия түзүлгөн. Комиссия өз ишин өткөн жылдын 12-июлунда баштап, 24-сентябрда алгачкылардан болуп арыз берген жети жогорку, үч орто окуу жайынын, кийинки 1-ноябрда өткөн жыйында болсо дагы 13 жогорку, төрт орто кесиптик окуу жайынын Камкорчулар кеңешинин курамын бекитип берген. Андан кийин “Кут Билим” газетасына дагы бир жолу кулактандыруу берилген. Бирок эмнегедир болгону эки окуу жайдан гана арыз келип түшкөн.      

 

 

Алдыга озгондор

Алгачкылардан болуп арыз берип, Камкорчулар кеңешинин курамын бекитип алган окуу жайлардын катарында Кыргыз мамлекеттик техникалык университети да бар. Учурда бул окуу жайдын Камкорчулар кеңеши экинчи жыйынын өткөрүүгө даярдык көрүүдө. Биринчи жыйыны сентябрь айында өтүп, анда кеңештин бир жылда аткара турган иштеринин планы түзүлүп, макулдашылган. Эми болсо  университетте жасала турган иштердин планы менен таанышуу жана аны бекитүү үчүн чогулушат.

  • Негизи талап боюнча кеңеш бир жылда кеминде эки жолу жыйын өткөрүшү керек. Быйылкы календарлык жыл боюнча биринчи отурум жакында өтөт. Анда окуу жайдын бул жылы жасай турган ишинин планын бюджети менен кошо сунуштайбыз. Кеңеш жактырып, бекитип берсе, ошого жараша иш алып барабыз. Биз сунуштаган планды кеңеш жактырбай, бекитип бербей коюшу дагы мүмкүн, — дейт окуу жай жетекчиси Мураталы Жаманбаев.

Кеңеш окуу жайдын иш планын бекитип бергенден кийин жылдын аягында кайра бардык иштер боюнча отчет алууга укуктуу жана милдеттүү. Ошондуктан кандай гана окуу жай болбосун жыл соңунда аткарылган ишинин жыйынтыгы боюнча кеңири отчет даярдап, аны жеке кеңешке гана бербестен окуу жайдын жамаатына дагы берип, сайтына жайгаштырышы керек.

 

Камкорчулар кеңешинин максаты жана милдеттери

Талап боюнча кеңештин курамын социалдык чөйрөдөгү мекемелерде же коомдук иште иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын ишке жөндөмдүү жарандары, ишкер чөйрөлөрдүн, илимий жана билим берүү уюмдарынын, маданий жана социалдык мекемелердин, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, студенттик жана ата-энелер бирикмелеринин өкүлдөрү түзүп, 15 кишиден ашпашы керек. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Камкорчулар кеңешинин курамына дагы депутаттардан, коомдук ишмерлерден тартып, илимпоздорго, чет мамлекеттен окуп келгендерге, жеке ишкерлерге чейин тартылган. Түрдүү ассоциациялардын төрагалары дагы бар.

  • Биз көбүнчөсүн өндүрүштүн өкүлдөрүнөн алдык. Себеби алар көп жерден бизге жардам бере алышат. Өзгөчө алардын көз караштары, ойлору, сунуштары баалуу. Алардын жардамы менен бүтүрүүчүлөрүбүздү жумушка орноштуруу боюнча дагы көп маселелерди чечүүгө болот. Бул биз даярдап жаткан адистердин алган билимин өндүрүштүн талаптарына төп келишин камсыздоо үчүн дагы зарыл. Биздин кеңештин төрагасы Кубанычбек Жумалиев. Ал билим берүү системасын дагы, өндүрүштү дагы, ишкердикти дагы жакшы билген адам болгондуктан тандап алдык, — дейт М.Жаманбаев.

Негизи кеңешке мүчө болгондор окуу жайлардын аткарган ишин гана көзөмөлдөп отура бербестен алардын ар тараптан өнүгүшүнө дагы салым кошушу керек. Ириде окуу жайлардын ишин натыйжалуу уюштуруу үчүн шарттарды түзүүгө, уставдык максаттарына жана милдеттерине жетүүсүнө, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, жарандык, коомдук, эл аралык уюмдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каржылоонун кошумча булактарын тартууга жардамдашууга тийиш. Ал эми кеңештердин негизги максаты окуу жайларда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, ишинин айкындыгын жана бюджеттик эмес каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат.

Камкорчулар кеңеши окуу жайлардын өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга жана кабыл алууга, ошондой эле социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшөт. Тартылган бюджеттик эмес каражаттардын сметасынын аткарылышын карайт жана көзөмөлдөп, донорлорду (инвесторлорду, меценаттарды) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка финансы булактарын издөөнү жана тартууну жүзөгө ашырат. Кеңештин курамы окуу жайдын ишин жакшыртуу жана билим берүү, маданият, социалдык коргоо жана саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө, мекеменин ишинин мониторингин жүргүзүү жана баалоо үчүн консультанттарды, аудиторлорду, эксперттерди тартууга жана келишимдик негизде жумушчу топторду түзүүгө, фискалдык органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары менен таанышууга, ыйгарым укуктуу органдарга, алардын кызмат адамдарына, укук коргоо органдарына зарыл чараларды көрүү үчүн табылган тартип бузуулар жөнүндө материалдарды берүүгө, окуу жайдын ишинин проблемалары боюнча коомдук пикирди иликтөөгө жана жалпылоого, алынган маалыматтарды мекеменин ишин өркүндөтүү максатында пайдаланууга укуктуу. Кеңеш өз ишин көз карандысыздык, айкындуулук, коллегиялуулук, ак ниеттүүлүк, мыйзамдуулук принциптеринде жүзөгө ашырууга тийиш.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер