Камчыбек ТАШИЕВ: “МАМЛЕКЕТТИН ПАТРИОТУ БОЛГУЛА!”
- 01.09.2025
- 0
КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы С.Давлетов атындагы №14 мектептин 11-классынын окуучуларына тарбиялык саат өттү. Төрага Жалал-Абаддагы аталган мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине арналган салтанатка катышууга барган.
К.Ташиев бүтүрүүчү класстын окуучулары менен баарлашуу учурунда балдарды жакшы окууга, тил үйрөнүп, мамлекеттин патриоту болууга үндөдү.
«Окууну аяктаганда, турмушка болгон даярдык — биринчи билим, экинчи тарбия менен аныкталат. Билимдүү болбосоңор, коомдон бөлүнүп каласыңар. Ошондуктан жакшы окуп, тил үйрөнгүлө. Мамлекеттин патриоту болгула!», — деди ал окуучуларга кайрылып.
Ал өзү 11 балалуу үй-бүлөдө тарбияланып өскөнүн, ата-энесин эскерип өттү.
— «Мен 11 балалуу үй-бүлөдө тарбияланган кедей-кембагалдын баласымын. Атамдын дыйкан болгонун өмүр бою айтып, аны менен сыймыктанып келем. Ата-энем бизди жакшы тарбиялап, окуткан», — деп белгиледи ал.
А.КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер