КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ БААЛОО

  • 04.11.2019
  • 0

Педагогикада баланын өзүнүн жана классташтарынын ишмердүүлүгүн баалай алуусу, окуудагы кемчиликтеринин себептерин аныктап, аларды жоё билүүсү зор мааниге ээ. Окуучу балада бул сапатты сабакта калыптандыруучу баалоону колдонуу аркылуу калыптандырууга болот.

 

Калыптандыруучу баалоо деген эмне?

 

Окуучулардын ишмердүүлүгүн баалоо – педагогикалык процесстин маанилүү элементи болуп эсептелет, ал эми баа – мугалимдин тигил же бул милдетин аткарууда таасирдүү педагогикалык каражат. Кандай гана баалоо болбосун, ал окутуу-окуу процессинде мугалим менен окуучунун өз ара аракеттешүүсү канчалык натыйжалуу экендиги тууралуу окуучунун же мугалимдин маалымат алуу муктаждыгынан келип чыгат. Педагогикалык иш-аракеттердин негизги принциби – бул окуучулардын өнүгүүсүнө түрткү берүү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандартынын 64-пунктунда: «Калыптандыруучу баалоо материалды өздөштүрүшүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн (ишти аткаруу темпи, теманы өздөштүрүү ыкмалары ж. б.) эске алуу менен окуучунун өнүгүүсүн аныктоо, ошондой эле ийгиликтерге жетишүү үчүн рекомендацияларды иштеп чыгуу максатында колдонулат» деп айтылат.

Мектеп практикасынан белгилүү болгондой, мугалим калыптандыруучу баалоону өз убагында коррекциялоо, пландаштырууга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн пайдаланса, ал эми окуучулар болсо аткарган иштин сапатын жакшыртуу үчүн пайдаланат.

Баалоо менен окутуу бири-бирине тыгыз байланышта. Баалоонун үч түрү бар: диагностикалык (аныктоочу), калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу. Булар бири-бири менен тыгыз байланышта, бири-бирине көз каранды. Диагностикалык баалоонун натыйжасы болбосо, мугалим калыптандыруучу баалоону тийиштүү деңгээлде колдоно албайт. Ал эми сабак учурундагы калыптандыруучу баалоонун сапаты жыйынтыктоочу баалоонун натыйжасына таасирин тийгизет. Баалоонун бул ырааттуулугун сактоо менен окутууда жогорку деңгээлге жетишүүгө мүмкүн.

Диагностикалык баалоо – адатта окуу жылынын башында, теманы, бөлүмдү өтөөрдүн алдында жүргүзүлөт. Даигностикалык баалоонун максаты – программа боюнча теманын, бөлүмдүн же предмет боюнча курстун башында окуучулар окутуу максаттарына карата салыштырмалуу кандай деңгээлде болгондугун аныктоо болуп эсептелет.

Окутуу планына окуучулардын муктаждыктарына жараша өзгөртүүлөрдү киргизүү же окутуудагы, окуудагы кыйынчылыктарды алдын ала сезип, аларды жеңип чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Адатта мугалимдер окуучулар өздөштүргөн билимдердин деңгээлин аныктоо үчүн жыйынтыктоочу баалоону колдонушат жана ал белгилүү мөөнөттүн аягында, мисалы, теманы өтүп бүткөндөн кийин, чейректин же окуу жылынын аягында жүргүзүлөт.

Мугалим жыйынтыктоочу баалоодо жогорку натыйжаларга жетиш үчүн, калыптандыруучу баалоого өзгөчө көңүл буруусу зарыл.

Ашпозчу тамак жасап жатканда даамдаганы – бул калыптандыруучу баалоо, ал эми ошол тамактын ичилгени – бул жыйынтыктоочу баалоо.

 

Калыптандыруучу баалоону сабакта кантип колдонобуз?

 

Калыптандыруучу баалоо күн сайын ар бир сабакта колдонулат. Ал баа коюу үчүн эмес, окуу процессинде пайда болгон көйгөйлөрдү аныктоо үчүн жүргүзүлөт. Баалоонун бул түрү ар бир окуучунун натыйжалуу билим алуусуна шарт түзөт.

Калыптандыруучу баалоодо жеке окуп үйрөнүү процессине окуучулардын активдүү катышуусу, өзүн-өзү жана бирин-бири баалоосу, окутуу процессин оңдоп-түзөө, окуучулардын шыктануусуна оң таасир этүү орчундуу орунда турат.

Сабактын максатын түшүнүү – окуучунун активдүү катышуучу болуусуна шарт түзөт. Күтүлүүчү натыйжалардын туюндурулушу окуучуларга түшүнүктүү болушу керек, анткени бара-бара окуучулар күтүлүүчү натыйжаларды аныктоого катыша башташат.

Мугалим күтүлүүчү натыйжаларды окуучуларга сабактын башында доскада, экранда, ватманда же башка жол менен көрсөтө алат, коюлган максаттар сабактын жүрүшүндө дайыма мугалимдин көз алдында болуп, ага жетүү деңгээлин текшерип туруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Мисалы, мугалим өтүлө турган жомоктун аталышын «Эки бир тууган» деп доскага жазып, окуучулардан аны үн чыгарып окууну өтүнөт. Андан кийин окуучулар менен биргеликте сабактын күтүлүүчү натыйжаларын аныктайт:

  1. Жомоктун мазмунун түшүнүү;
  2. Суроолорго жооп берүү;
  3. Эки каармандын мүнөздөрүн салыштырып, алардын окшош жактарын жана айырмачылыктарын аныктоо.

Сабактын аягында мугалим күтүлүүчү натыйжаларга кайра кайрылып, окуучулар менен биргеликте коюлган максаттарга канчалык деңгээлде жетишкендиктерин текшерүүсү зарыл.

Окуучулардын окуу процессине активдүү катышуусунун дагы бир маанилүү багыты – бул окуучулардын баалоо критерийлерин билип, түшүнүүсү. Критерийлерди иштеп чыгуу – баалоо процессин ачык-айкын жана баардыгына түшүнүктүү болуусун камсыздайт. Аларды окуучулар менен биргеликте иштеп чыгуу – окуучулардын баалоого карата позитивдүү мамилесин калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет.

Баалоо критерийлери менен иштөө методикасын бир сабактын мисалында көрсөк болот. Мугалим окуучулар менен биргеликте «Окурман театры» көнүгүүсү боюнча презентация үчүн төмөнкү баалоо критерийлерин иштеп чыгат:

1.Текстти (интонация, тыным, басым жана тыныш белгилерин сактоо менен) көркөм окуу;

2.Окууну мимика же жаңсоолор менен коштоо.

(Башталгыч класстардын окуучулары үчүн колдонулуучу баалоо критерийлери 3-5тен ашпашы керек (критерийлер окуучулар үчүн түшүнүктүү болуусу шарт).

Окуучулардын окуу процессине активдүү катышуусунун дагы бир багыты – бул мугалимдин окутуу ыкмаларын туура тандоосу.

Мисалы, мугалим окуучулардын «Эки бир тууган» жомогунун мазмунун түшүнгөнүн билиш үчүн «Тыным жасап окуу» ыкмасын, ал эми текст менен иш-төөдө болсо, «Окуганга чейин – Окуу учурунда – Окугандан кийин» стратегияларын колдонот.

Баалоо көндүмү – окуучуларга окутуу процессинде үйрөтүлүүчү турмушта зарыл болгон, өтө маанилүү көндүмдөрдүн бири. Калыптандыруучу баалоо бул көндүмдү билим берүүнүн сапатына таасир тийгизе турган негизги көндүм катары колдонууну талап кылат.

Каталарды байкоо, иш-аракетке карата баалоо критерийлерин колдонуу, классташынын жообун угуу – абдан татаал, бирок окуучуга зарыл болгон көндүм болуп эсептелет.

Баалоо ишмердүүлүгүнө болгон негизги талаптардын бири – бул окуучулардын өз натыйжаларын баалоо, каталарын байкоо жана түрдүү иштерге карата коюлган талаптарды билүү жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу. Окуучулар бул максатка жетүү үчүн өзүн-өзү жана бирин-бири баалоо ыкмаларын колдонуусу шарт.

 

Калыптандыруучу баалоонун алдыңкы мугалимдер сунуштаган ыкмалары

 

Калыптандыруучу баалоонун ыкмаларын колдоно билүү – бул мугалимдин компетенттүүлүгүнүн негизги бөлүгү, ал окуучулардын жетишүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Ар бир сабакта мугалим төмөнкү суроолордун тегерегинде ой жүгүртүүсү зарыл:

– Өтүлгөн материалды окуучулар канчалык деңгээлде өздөштүрдү?

– Аны мен кантип текшере алам?

– Кайсы тапшырманы аткарууда окуучулар кыйналышты? Себеби эмнеде?

– Эгерде тапшырма кыйынчылык туудурса, окутуу методикасында эмнелерди өзгөртүү зарыл?

Эгерде мугалим булар жөнүндө ойлонбосо, сабактардын пландарын иштеп чыгуу, сабак учурунда жагымдуу чөйрө түзүү, билим берүү стандарттарын эске алуу жана сактоо, окуу планына ылайык күтүлүүчү натыйжаларды бербейт.

Калыптандыруучу баалоо окутуунун максаттары жана сабактын этаптарынан күтүлүүчү натыйжалар менен тааныштыруудан башталат. Сабактын этаптарын SMART критерийлерин эске алуу менен иштеп чыгуу сунушталат. Мугалим күтүлүүчү натыйжалар менен окуучуларды тааныштыргандан кийин милдеттүү түрдө талкуулап, окуучулардын түшүнгөнүн текшерүүсү зарыл. Ал үчүн төмөнкү тактоочу суроолор колдонулушу мүмкүн:

— Сабактын аягында эмнелерди билип калат экенбиз?

— Тема боюнча кандай жаңы нерселерди үйрөнөт экенбиз?

Мугалим окутуунун максаттарын түшүн-дүргөндөн кийин дароо бир нече окуучунун жообун угат. Бул этапты экиге бөлсө болот:

1) окуучулардан күтүлүүчү натыйжаларды жуптарда талкуулоону өтүнүү;

2) бир нече жуптун жоопторун угуу.

Сабактын ар бир этабында мугалим үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүп, мезгил-мезгили менен суроо, тапшырма берүү аркылуу окуучулар коюлган максаттардан алыстабагандыгын текшерет.

Түшүнбөй калган окуучулар болсо, мугалим аларга багыт берүү, башка окуучуларды талкууга тартуу, кайрадан түшүндүрүү же болбосо окутуунун башка ыкмасын колдонуу аркылуу жардам берип, окуу процессине катышуусун камсыз кылуусу керек.

Калыптандыруучу баалоодо окуучулардын буга чейинки билимдерин активдештирүү же өтүлгөн материалдарды кайталоо үчүн «Кар тобу» көңүлдүү ыкмасы колдонулат. Мугалим окуучуларга жарым барактан кагаз таратып, бул тема боюнча билген ырастоолорун же фактыларын жазуусун өтүнөт. Жазып бүткөндөн кийин кагазды кар тобу сыяктуу тоголоктоп турушат. Үчкө чейин санаганда, окуучулар «кар топторун» белгиленген жерге: доскага чийилген тегерекчеге, кутуга же чакага ыргытуулары зарыл. Андан кийин окуучулар тегерек болуп туруп, бирден «кар тобун» алып, ичинде жазылгандарын кезек менен окушат.

«Жооп барагы» ыкмасында мугалим окуучуларга суроо берип, жоопторун карточкаларга жазып, кайра тапшырууну өтүнөт. Окуучулардын жоопторун талдап, мугалим кимиси теманы түшүнгөнүн, кимисине кошумча түшүндүрүү керек экендигин аныктайт. Бул ыкма мугалимге кийинки сабакты окуучулардын муктаждыктарына жараша ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүгүн берет.

«Суроолор токтоочу жай» ыкмасы – бул окуучулардын сабак учурунда пайда болгон суроолору жана идеялары үчүн алдын ала даярдалган жай. Мындай жайды уюштуруу үчүн тактанын бир бөлүгү, дубалга жабыштырылган ватман же стикерлер колдонулат. Бул «токтоочу жайга» окуучулар өз суроолорун, жардам берүү же кошумча практика боюнча өтүнүчтөрүн калтыра алышат.

«Сыйкырдуу таякчалар» – сабак учурунда тапшырма берүү үчүн жакшы ыкма жана бардык окуучулардын катышуусун камсыздайт. Ар бир окуучунун атын таякчага жазып коюңуз. Сабак учурунда мугалим суроо берип, идиштен бир таякчаны алып чыгат.

Алдыңкы педагогдор калыптандыруучу баалоонун «20 секунд», «Эки жылдыз, бир каалоо», «Суроолор айлампасы», «Үч мүнөттүк эссе», окшоштуктарды табууга багыттаган «Окшоштуктар», берилген маалымат менен макул же макул эмес экендигин, анын себептерин түшүндүрүп берүүсүн өтүнгөн «Туура-туура эмес», түшүнгөнүн маектешүү аркылуу баалаган «Маек», буга чейинки билимдерин тез жана дароо баалоо керек болгон учурда абдан ыңгайлуу «Муштум жана манжалар», окуучунун аткарган иштерин чагылдырган «Портфолио», билимдерди баалоо үчүн колдонулган кыска «Блиц-тест», «Журналдагы жазуу», «Хор менен жооп берүү», «Спиннер», жуптагылар бири-бирине алдын ала даярдалган суроолорду узатышкан «Кош тегерек», окуучулар тандалып алынган чыгарманын негизинде сценарий түзүп, оюн коюшкан «Окурман театры», өтүлгөн теманы кыска, нуска жалпылоого үйрөткөн «Бир сүйлөм менен жалпылоо», «Бир сөз менен жалпылоо», мугалимдин өзү үчүн эарыл болгон “Маалыматтарды топтоо бланкы” сыяктуу ыкмаларды кеңири колдонушууда.

 

А.Алибеков,
“Кут Билим”

(Макала USAIDдин “Келгиле, окуйбуз!” долбоорунун алкагында жарык көргөн “Калыптандыруучу баалоо” колдонмосунун негизинде даярдалды).

Бөлүшүү

Комментарийлер