КАЛЕМИН ДА, АДАМГЕРЧИЛИГИН ДА ТАЗА САКТАП ӨТКӨН ДОС
- 24.09.2026
- 0

Кээ бир адамдардын дүйнөдөн өткөнүнө ишенүү кыйын болот. Анткени алар жөн гана тааныш же кесиптеш эмес, өмүрүңдүн бир бөлүгүнө айланып калган адамдар болот экен. Журналист жана педагог, Кыргызстан Журналисттер союзунун Нарын облустук уюмунун жетекчиси Кенжебай Кемелович Кыдыровдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы тууралуу кабарды угуп, жүрөгүмө оор кайгы түшүп, ишене албай турам.
Биз Кенжебай менен мектеп кезибизден бери тааныш элек. Кийин тагдыр экөөбүздү журналистика дүйнөсүндө кайрадан жолуктурду. Экөөбүз тең облустук «Нарын правдасы» гезитинде эмгектенип, бирге иштешип, бирге жүрүп, достугубуз бекемделген. Ошондон бери анын адамдык сапаттарына, кесипкөйлүгүнө, мекенчилдигине жана жөнөкөйлүгүнө көп жолу күбө болдум.
Кенжебай журналистикага жөн гана кесип катары эмес, элге кызмат кылуунун жолу, коомдун аң-сезимин жогорулатуунун ыкмасы катары карачу. Ал даярдаган макалаларда Нарындын карапайым эмгекчил элинин тагдыры, тоолуу аймактын көйгөйлөрү, айыл турмушунун чындыгы, элдин үмүтү менен тилеги жашачу. Калемин чындык, акыйкат үчүн кызмат кылдырган журналист эле. Кайсы жерде көйгөй болсо, ошол жерде Кенжебайдын үнү угулуп, гезиттерге макалалары жарыяланып турчу. Кайсы жерде жакшы иш, демилгелер болсо, аны да элге жеткирүүгө аракет кылчу. Көйгөйлөр болсо аны талдоого алып, чечүүнүн жолдорун дагы иликтөөчү.
Эгемендүүлүк жылдарында да ал өзүнүн жарандык позициясынан жазган жок. «Акипресс» маалымат агенттигинин, «Кут Билим» гезитинин аймактык кабарчысы болуп иштеп, Нарындын үнүн өлкөгө угузуп келди. Ал үчүн журналистиканын башкы максаты элге кызмат кылуу болчу.
Бирок Кенжебайдын өмүр жолун журналист катары гана баалоо жетишсиз. Ал мыкты педагог эле. Нарын шаарындагы №2 В.Чкалов атындагы орто мектепте мугалим катары жүздөгөн окуучуларга билим берип, кыргыз тили менен адабиятына болгон сүйүүнү ойготту.
Нарын райондук билим берүү бөлүмүндө методист болуп иштеп, агартуу тармагына, мугалимдердин билимин өркүндөтүүгө дагы зор салым кошту.
Жаш журналисттерге устат болуп, тажрыйбасын бөлүшүп, алардын чыгармачылык жолуна жарык чачып, жол көрсөттү. Өзгөчө акыркы жылдары оорунун азабын тартып жүргөнүнө карабастан, Кыргызстан Журналисттер союзунун Нарын облусундагы уюмун жетектеп, журналисттердин ынтымагын сактоого, жаштарга жардам берүүгө болгон күч-аракетин жумшады. Нарындык бир топ журналисттерди Кыргызстандын Журналисттер союзуна мүчөлүккө кабыл алып, ардагер журналисттерди бул уюмдун сыйлыктарына көрсөттү. Дагы алдыга койгон максаттары, журналистиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлору бар экенин айтып калчу.
Кээде турмуш таланттуу адамдарга адилетсиз мамиле кылгандай сезилет. Кенжебай дагы ошондой тагдырга туш болгон инсандардын бири болду окшойт. Анын алдыда жазчу чыгармалары, айтчу ойлору, ишке ашыра турган пландары дагы көп эле. Узакка созулган оорунун айынан ошол максаттарынын баарына жетүүгө үлгүрбөй калды. Бул анын жакындары үчүн гана эмес, кыргыз журналистикасы үчүн дагы чоң жоготуу.
Бирок адамдын өмүрү жылдары менен эмес, артында калтырган изи менен өлчөнөт экен. Кенжебай артына жакшы атын, таза эмгегин, тарбиялаган шакирттерин, жазган макалаларын жана эң башкысы — бийик адамгерчилигин калтырып кетти. Ал эч кимге жамандык ойлобогон, кең пейил, кичипейил, жоомарт, достукту бийик баалаган инсан эле. Ошондуктан аны тааныган адамдардын жүрөгүндө ал дайыма жаркын элес катары жашай берет.
Кенжебай досум, сен уул-кызыңды өстүрүп, эрезеге жеткирдиң. Эл ичинде кадыр-барк таптың. Кесиптештериңдин, досторуңдун урмат-сыйына ээ болдуң. Балким, өзүң күткөн көптөгөн тилектерге жетүүгө өмүр жетпей калды көрүнөт. Бирок сенин таза атың, ак эмгегиң жана адамдык касиетиң сенден кийин дагы узак жылдар бою жашайт.
Айла канча, өлүм — жашоонун мыйзамы ченеми экен. Бирок жакшы адамдар өлгөндөн кийин да элдин эсинде жашайт. Кенжебай Кемелович Кыдыров ошондой адамдардын бири эле.
Маркум досубуздун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Кут Билим Медиа борборунун жамааты да маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
журналист.