КАДАМЖАЙ: ДЕПУТАТ АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕПТИН КӨЙГӨЙҮН ЖЕРИНЕН КӨРДҮ

  • 18.08.2026

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Аматов Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. Эл менен баарлашууда аймактагы бир катар социалдык көйгөйлөр айтылып, өзгөчө билим берүү мекемесинин кейиштүү абалы айтылды.

КАДАМЖАЙ: ДЕПУТАТ АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕПТИН КӨЙГӨЙҮН ЖЕРИНЕН КӨРДҮ

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар «Дружба» мектебинин бүгүнкү күндөгү кооптуу абалына токтолуп, коңгуроо кагышты. Тургундардын маалыматына таянсак, билим берүү мекемеси башында 250 окуучуга гана ылайыкталып курулган. Бирок азыркы тапта анда 900 окуучу билим алууда.

Мектепте атайын китепкана, спортук зал жана мугалимдер үчүн бөлмө каралган эмес. Коридордун бир бөлүгү тосулуп, убактылуу китепкана катары пайдаланылып келет. Имараттын полдору жана шыптары эскирип, капиталдык оңдоп-түзөөгө  муктаж.

Мектеп имаратынын авариялык абалда экендиги боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий корутундусу чыккан. Ага карабастан окуучулар билим алууну улантышууда.КАДАМЖАЙ: ДЕПУТАТ АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕПТИН КӨЙГӨЙҮН ЖЕРИНЕН КӨРДҮ

Билим берүү тармагындагы бул курч маселеден тышкары, тургундар Үч-Коргон аймактык ооруканасынын курулушу токтоп турган үч кабаттуу имаратын аягына чыгаруу жана Боз-Кара-Кыштак каналынын башындагы 6 чакырымдык тилкеге бетон лотокторду орнотуу зарылдыгын да белгилешти.

Эл өкүлү Жаныбек Аматов көтөрүлгөн маселелерди, өзгөчө балдардын коопсуздугуна жана келечегине байланышкан мектеп көйгөйүн тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте карап чыгарын айтты.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү