КАДАМЖАЙДАГЫ “АКЫЛДУУ МЕКТЕП МЕНЕН МУГАЛИМДЕР”

  • 04.02.2019
  • 0

Кадамжай районундагы мектептерде «Discovery» билим берүү мекемесинин «Акылдуу мектеп жана мугалим» долбоору иштей баштады.

КАДАМЖАЙДАГЫ “АКЫЛДУУ МЕКТЕП МЕНЕН МУГАЛИМДЕР”

 

КАДАМЖАЙДАГЫ “АКЫЛДУУ МЕКТЕП МЕНЕН МУГАЛИМДЕР”

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Ж.Гайбуллаевдин жиберген маалыматына караганда, аталган долбоордун алкагында айрым мектептер ноутбуктар менен камсыз болду. Мисалы, Пушкин атындагы мектеп 10 ноутбук,   Козубай атындагы мектеп 8 ноутбук алды.  Рузиматов атындагы мектеп- 18 ноутбук ж.б. Ал эми Маканов атындагы мектеп 71 ноутбук алып, компьютердик техника менен эң көп камсыз  болду.

КАДАМЖАЙДАГЫ “АКЫЛДУУ МЕКТЕП МЕНЕН МУГАЛИМДЕР”

Мугалимдер алган ноутбуктарын максаттуу түрдө журналдарды, чейректик баалар менен окуучулардын билим тарыхын электрондук формада сактоого колдонуп жатышат.

Мугалимдер ошондой эле интернетке туташкан программалардын ичинде тайпалык иштерди да жүргүзө алышат.

КАДАМЖАЙДАГЫ “АКЫЛДУУ МЕКТЕП МЕНЕН МУГАЛИМДЕР”

Бөлүшүү

Комментарийлер