КААДА-САЛТТЫ ДАҢАЗАЛАГАН НООРУЗ МАЙРАМЫ

  • 21.03.2022
  • 0

Быйылкы Улустун улуу күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы  №44 Абдраман Сматов атындагы орто мектебинде өзгөчө шаң менен белгиленди.

КААДА-САЛТТЫ ДАҢАЗАЛАГАН НООРУЗ МАЙРАМЫ

Нооруз майрамына карата кыргыздын улуттук кийимдерин кийген окуучулар көрүүчүлөргө элибиздин салт-санаасын көрсөтүшүп, мукамдуу элдик ырлардан обон созуп, бийлеп беришти.

КААДА-САЛТТЫ ДАҢАЗАЛАГАН НООРУЗ МАЙРАМЫ

— Элибиз Борбор Азиядагы эң байыркы элдерден болуп эсептелет. Анын каада-салты, үрп-адаты өзүнчө бүтпөс баян. Бул күнкү майрамда биз ошол элибиздин көөнөрбөс каада-салтын окуучу жаштар билип калсын дедик, — дейт мектеп директору Урмат Атабаева.

Эми бул күнкү майрамдык иш-чараны кынтыксыз даярдаган мугалимдердин атын атап өтсөк. Алар — кыргыз тили жана адабияты мугалими Токтобаева Кулпунай, башталгыч класс мугалими Каракожоева Жыпар, музыка мугалими Турдалиева Зыйнат, башталгыч класс мугалими Замирбек кызы Нуркыз жана тарых мугалими Туркбаева Самара.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер