КҮЗГҮ КАНИКУЛ КАЧАН БОЛОТ?
- 22.10.2025
- 0
Кыргызстандын мектептеринде 2025–2026-окуу жылынын биринчи чейреги 4-ноябрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуучулар үчүн күзгү эс алуу мезгили 5–9-ноябрь күндөрүнө белгиленди. Ал эми сабактар 10-ноябрда башталат.
Агартуу министрлиги маалымдагандай, күзгү каникул күндөрү кыскарганы жаңы эмгек кодексине байланыштуу. “Жаңы Эмгек кодексинин кабыл алынышына байланыштуу январь жана май айларында республика боюнча жарандарга узак мөөнөттүү эс алуу каралган. Андыктан окуучулардын каникулдары аталган өзгөрүүнү эске алуу менен кыскарган. Бирок жыл ичинде балдар 30 күн эс алышат», — деп түшүндүрдү министрлик.
Окуучулар үчүн күзгү эс алуу каникулуна үч иш күнү жана эки дем алыш күнү кирет.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер