КҮЗ МАЙРАМЫ БӨБӨКТӨРДҮН ЫРЫНДА

  • 14.11.2022
  • 0

Бишкек шаарындагы «Илимтай» жеке менчик бала бакчасынын бөбөктөрү күз майрамын белгиледи.

Аталган бала бакчанын башчысы Кемелбек кызы Таңгүлү айымдын айтымында, «Илимтай» бала бакчасынын өзгөчөлүгү — кыргыз тилине басым жасалып, кыргыз менталитет, маданиятын чагылдырган оюн-зоок, окуу программалары иштелип чыккандыгында. Бакчада тарбиячылар ар бир бөбөккө жекече көңүл буруп, дээрлик бардык балдардын шык-жөндөмүн өркүндөтүүгө аракеттенгендери байкалат.

КҮЗ МАЙРАМЫ БӨБӨКТӨРДҮН ЫРЫНДА
— Биздин кыргыз тилдүү бала бакчада 80 бала бар. Балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша алты тайпага бөлүнүп, ар бир тайпада 17ден бала тарбияланат. Базалык жана наристе программалардын негизинде бир жылдык план түзүлүп, тапшырмалар балдардын жаш өзгөчөлүгүнө, психологиясына карата даярдалат. Тиешелүү диплому бар 12 тарбиячы эмгектенет жана ар бир тайпага экиден мугалим бөлүнгөн. Окутуу багытыбыз кыргыз тилинде деп чектелбей, замандын талабына ылайык, чет тилин үйрөнүүсүнө шарт түзгөнбүз. Аптасына беш ирет англис тили сабагы киргизилген. Мындан сырткары, балдардын талант, жөндөм, билимин ара тараптан өнүктүрүүчү ар кандай ийримдер да бар. Ал эми белгилүү даталар, күз майрамына окшогон майрамдар балдардын билим, талантын практика жүзүндө көрсөтүүгө жакшы өбөлгө түзөт, — деди биз менен кыскача маегинде бала бакчанын башчысы Таңгүлү айым.
Бала бакчада байма-бай өтүүчү майрамдардын бири — күз майрамына арналган иш-чарага катышып, балдардын өнөрлөрүнө биз дагы күбө болдук. Алар күз мезгилин сүрөттөгөн ырлардын ырдап, бийлеп, өзгөчө даярданып келгени байкалып турду. Кичинекей таланттардын бала бакчадан башталган алгачкы тушоо кесүү концертин ата-энелери да өзгөчө толкундануу, кубануу менен көрүп, балдар менен кошо күлүп, ырдап олтурду.

КҮЗ МАЙРАМЫ БӨБӨКТӨРДҮН ЫРЫНДА

Төрт баланын энеси Жылдыз Иманалиеванын үчүнчү кызы ушул бакчада тарбияланат.
— Төрт жашар кызым «Илимтай» бала бакчасынын тарбиялануучусу. Эки балам орус тилдүү бала бакчага барып калды. Анан ушул кызымды кыргыз тилдүү бала бакчага берели деп интернеттен атайын издеп жүрүп таап, жолдун алыстыгына карабай алып келип атабыз. Адегенде шартын кылдат карап, ата-энелердин пикирлерин окуп чыктык. Кызыбыз бул бала бакчага келип жатканына эки жыл болуп калды. Биз ушул мезгил аралыгында мурдагы балдарыбыздын билимине салыштырып, жагымдуу өзгөрүүлөрдү байкап жатабыз. Канткен менен орус тилдүү бала бакчада, мектепте окуп-тарбияланган балдардын ой жүгүртүүсү, мүнөзү башкача болуп калат экен. Бул кызым бизге өзгөчө күйүмдүү. Эмгек жамаатында жалаң жаш тарбиячылар эмгектенет, бирок балдарга профессионалдуу мамиле жасаган, абдан баамчыл, ошол эле учурда талапкөй адистер. Эң негизгиси, кызым бала бакчасын эңсеп, сагынып келет. Ошондон эле бул жерде кандай экендигин билсе болот, — дейт.

КҮЗ МАЙРАМЫ БӨБӨКТӨРДҮН ЫРЫНДА

Бала бакчанын тарбиялоо программасын колдогон Нурдангүл Ысыкеева айым да неберелерин ушул бакчага берип, атүгүл, келинине да иштөөнү сунуштаган.
— Менин үч жана беш жаштагы эки неберем «Илимтай» бала бакчасында тарбияланат. Тарбиячылар балдарга өз баласындай мээрим төгүп карайт. Неберелеримдин да өнөрлөрү ачылып, көп нерсе үйрөнүп калды. Үйгө барганда ырдап-бийлеп активдүү жүрөт. Ошол себептен келиниме да ушул бала бакчада иштөөнү сунуштап, үч айдан бери кенже тайпада тарбиячы болуп эмгектенип жатат. Бүгүнкү күнү да тааныш-билиш, коңшу-колоңдорума мактагандан тажабайм, — дейт, Нурдангүл чоң эне.

Айгерим Токтобаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер