КӨУНУН ЖАМААТЫ АЙТ МАЙРАМЫНА КАРАТА МАТЕРИАЛДЫК ЖАРДАМ АЛЫШТЫ

  • 23.05.2020
  • 0

Кыргыз-Өзбек университетинин ректору Чаткалбай Райымбаевдин демилгеси жана окуу жайдын бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиевдин колдоосу менен окутуучулар жамаатына Орозо Айт майрамына карата материалдык жардам көрсөтүлдү. 

КӨУНУН ЖАМААТЫ АЙТ МАЙРАМЫНА КАРАТА МАТЕРИАЛДЫК ЖАРДАМ АЛЫШТЫ

Чаткалбай Райымбаев бардык Кыргызстандыктарды, анын ичинде Ош шаарынын жашоочуларын жана  Кыргыз-Өзбек университетинин профессордук-окутуучулар жамаатын, студенттерди ыйык Рамазан айынын бүтүшү жана келе жаткан Айт майрамы менен куттуктады. Ал Рамазан айы кечиримдүүлүктүн, тазалануунун айы экенин баса белгилеп, орозо кармаган мекендештерибиздин орозосу кабыл болуп, каалоо-тилектери орундалып, ар бир үйдө ынтымак ыроолоп, бейкутчулук орносун деген тилегин билдирген.

Андан сырткары Билим, илим кызматкерлеринин Ош облустук профсоюз комитетинин төрагасы Тойгонбаев Сабыр окуу жайдын жалпы жамаатын Орозо Айт майрамы менен куттуктап, айрым кызматкерлерге  материалдык жардам берди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер