КӨУДА ҮЙ-БҮЛӨ БААЛУУЛУКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 16.05.2020
  • 0

15-майда Кыргыз-Өзбек университетинин Эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаментинин демилгеси менен “Аааламдашуу доорундагы үй-бүлөлүк баалуулуктардын көйгөйлөрү” аттуу эл аралык онлайн конференция өттү.

КӨУДА ҮЙ-БҮЛӨ БААЛУУЛУКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Конференцияны университеттин ректору Чаткалбай Райымбаев ачып, үй-бүлө баалуулуктарына токтолуп, бала тарбиялоо маселелери боюнча пикирин билдирип, иш-чаранын конокторуна ыраазычылык сөзүн айтты.

Андан соң Билим берү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетекчиси Ибраимова Гулнара өзүнүн пикири менен бөлүштү. Буга улай эле Нарын мамлекеттик университетинин ректору Сияев Таштанбек, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору Зулуев Бекмырза катышып, үй-бүлөдөгү сүйүү, түшүнүү, камкордук маселелерине токтолушту.

Кыргыз билим берү академиясынын президенти Токтомаметов Алмаз, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору Садык Алахан, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биринчи проректору Коңурбаев Тууганбай үй-бүлөдөгү зомбулуктар, келишпөөчүлүктөр тууралуу пикирлерин билдиришти.

Казак, Өзбек, Түрк окумуштуулары уюштуруучуларга ыраазычылыктарын айтышып, Казакстандагы, Өзбекстандагы, Түркиядагы үй-бүлөлүк баалуулуктар жөнүндө ойлорун ортого салышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер