КӨУ СТУДЕНТТЕРИНЕ ОКУУ ТӨЛӨМҮНҮН МӨӨНӨТҮН ЖЫЛДЫРЫП БЕРДИ  

  • 16.05.2020
  • 0

Кыргыз-Өзбек университети кырдаалга байланыштуу келишим акыны төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок студенттерине окуу төлөмүнүн мөөнөтүн жылдырып, бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн түзүп берди.  

КӨУ СТУДЕНТТЕРИНЕ ОКУУ ТӨЛӨМҮНҮН МӨӨНӨТҮН ЖЫЛДЫРЫП БЕРДИ  

Мындай чечим университеттин профессордук-окутуучулар курамынын кезексиз жыйынында кабыл алынды. Анда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 13-майдагы Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын окуу жылын аяктоо боюнча чаралар жөнүндөгү буйругун ишке ашыруу маселелери каралып, келишимдик негизде билим алган студенттерге мыйзамдарда белгиленген тартиптердин шартында социалдык колдоо көрсөтүү чаралары иштелип чыкканын окуу иштери боюнча проректору Исаков Топчубай билдирди.

Андан сырткары, азыркы кырдаалга байланыштуу студенттердин келишим акыны төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, аны төлөө мөөнөтүн жылдыруу, бөлүп төлөө ж.б. маселелер каралган.

РРрррректор Чаткалбай Райымбаев  түзүм жетекчилерине студенттердин келишим акыларын төлөөдөгү, жыл жыйынтыктоочу сынактарын тапшыруудагы мүчүлүштүктөрдү кылдаттык менен кароону милдеттендирди.

Белгилей кетсек, буга чейин эле Кыргыз-Өзбек университетинде окуу жылдын башталышында  ректордун буйругу менен тоголок жетимдер жана биринчи топтогу майыптар келишим акы төлөөдөн жүз пайыз бошотулган. Ал эми жарым жетимдер, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү студенттерге мыйзам чегинде жеңилдиктер берилген.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер