КӨУ «БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ» АТТУУ СЫНАК ЖАРЫЯЛАДЫ

  • 03.06.2020
  • 0

«2020-жыл — Кыргыз Республикасында аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына» жана 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз-Өзбек университети түзүмдөр аралык «Балдар биздин келечегибиз» аттуу кароо-сынагын өткөрөт.  

Сынактын максаты балдарды коргоо, колдоо жана аларга кам көрүүнү уюштуруу;  чыгармачыл балдардын таланттарын даңазалоо жана жайылтуу; университеттин профессордук-окутуучулар жамаатынын балдарынын арасынан таланттууларын тандоо; ар улуттун балдарынын ортосунда достук, ынтымактык жана тилектештик мамилелерин бекемдөө; балдардын бош убактыларын максаттуу пайдалануу болуп саналат. Ага университетте эмгектенген бардык  кызматкерлердин балдары катыша алышат.

Сынакка катышууну каалагандар «Балдар биздин келечегибиз» аттуу темада үч мүнөттүк көркөм окуп, «Бал тилдүү балалык» аттуу балдар темасындагы обондуу ырларды аткарып, «Атам, апам жана мен» аттуу үй-бүлөлүк бий өнөрүн тартуулашса болот.

Жеңичүүлөргө университеттин диплому, сыйлыктары жана Кесиптик кошуундун белектери ыйгарылат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер