“КҮТКӨН ТИЛЕГИБИЗ ОРУНДАЛДЫ”

  • 22.01.2024
  • 0

Тиллеберди ИБРАГИМОВ, Лейлек районуна караштуу “Булак-башы” орто мектебинин директору

“КҮТКӨН ТИЛЕГИБИЗ ОРУНДАЛДЫ”

 Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу Булак-башы айылында 2023-жылдын аягында чоң саамалык болуп, айыл элин кубанычка бөлөдү. Тагыраагы, 2022-жылдын октябрь айынан баштап 225 орундуу типтүү мектептин жаны имаратынын курулуш иштери башталып, 2023-жылдын декабрь айынын аягында пайдаланууга берилди. Мектеп директору Ибрагимов Тиллеберди Туяковичтин айтымында жаңы мектепти куруу үчүн  Исманали Жороев жетектеген «Илек Строй Групп» ЖЧКсы тендерден утуп курган. Жалпы тендердик баасы – 88 млн. сомдон ашык.

— Агай, алгач аталган мектептин тарыхына токтоло кетсеңиз?

1930-жылдары Булак-башы айылында 7 жылдык мектеп мурдагы мечиттин ордуна уюштурулган. Мектеп советтик коомдук ишмер Калининдин атын алган. Аталган мектеп 1969-жылга чейин балдарга татыктуу билим берип келген. Ал мектептен тышкары айылда Булак-Башынын Төө-Моюн участкасында башталгыч класстарга  Сапаров Мажит агай таалим-тарбия берген. Ал эми жогорку Булак-Башыда  башталгыч класстарды Мааназаров Маадали агай окуткан.
Эрматов Мурат, Бердиев Ташмат агайлар  билим берүүнүн алгачкы жоокерлери болушкан. 1968-жылы мектеп директору Жапаров Рустам райОНОго, областка ошондой эле министирликке чуркап жүрүп, жаңы мектептин имараты курула баштаган. Мектепке улуу философ Фридрих Энгельстин ысымы берилген. Ошол жылдан баштап, Булак-Башы айылында биринчи жолу совет бийлигинин учурунда мектеп курула баштаган. Мектеп 1969-жылы алгач жолу окуучуларды кабыл алып, 8 жылдык болуп курулган. 6 класстык бөлмө,  усулкаана, директордун каанасы жана көмүр үчүн кампа салынган. Элдин жашоосу жакшы жакка өзгөрүп, демографиялык өсүү болуп, элдин саны да өскөн. Мектепке класстар жетишпей калганда, ошол кездеги мектеп директору Акматов Айтуу агайдын демилгеси менен 3 класстык каана жана окуучулар үчүн буфет курулган. Ал 1986-1987-жылдарга туура келет. Бир канча жылдан кийин кайрадан окуучулардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу  1995-1997-жылдары мектеп директору Жолдубаев Сапар агайдын демилгеси менен 4 класс кааналуу кошумча мектеп ашар жолу менен курулган. Ал класстык кааналарда башталгыч класстар билим ала баштаган. 2008-жылы мектептин чатырын алмаштыруу зарылчылыгы келип чыгып, Кадыров Токтош агайдын демилгеси менен АРИС уюмунун демөөрчүлүгүнүн астында ишке ашкан.

— Мектеп алгач түптөлгөндөн азыркы кезге чейин  “Булак-Башы” орто мектебин кимдер жетектеген?

Мектепти мага чейин Токтобаев Патта, Жапаров Рустам, Эшмурзаев Эгемберди, Акматов Айтуу,  Солтонов Убрайим, Жолдубаев Сапар, Сарыбаев Максат, Сагапов Абдилатип, Акматов Бакытбек агайлар жетектеп келишкен Мен 2022-жылдан бери директор болуп иштеп жатам.

— Атын атаса, куту сүйүнөт эмеспи! Жаңы мектепти курууну ким демилгеледи эле?

— Айылыбызда биз сыйлаган, биз урматтаган депутат агабыз бар. Ал – Кулунду айылдык кеңешинин депутаты, айылдын кулуну,  патриот инсан Абдижапар Досов. Ошол агабыздын түздөн-түз демилгеси жана  кол кабышы менен 2022-жылдын октябрь айынан баштап 225 орундуу типтүү мектептин жаны имаратынын курулуш иштери башталган.

Андан сырткары, айыл башчы Аманов Сахидин Арыслановичке, Бишкек шаарында жашаган айылдыктарды уюштурган демөөрчүлөрдүн жетекчиси Гапаров Иманкул Эргешовичке, айылдагы жеке ишкер Жусупалиев Үсөнгө, мектептин салтанаттар залына демөөрчүлүк көрсөткөн мугалим  Айгүлгө, фойенин жасалгасына демөөрчүлүк көрсөткөн Ибрагимова Айшага, мектепте иштеп кеткен мугалимдердин усулканасына демөөрчүлүк ылган Насиба Нарматовага, Бишкек шаарынын тургундары, айылыбыздын кыздары, пандемия учурунда элди колдогон кыздарыбызга, жалпы айылдаштарыма, Орусиянын Москва, Сургут шаарларында жүргөн балдар жана кыздарга, ар бир класстын жасалгалоосуна салым кошушкан ардагер мугалимдердин балдарына терең ыраазычылыкты өзүмдүн атымдан жана эмгек жамаатымдын атынан билдирем.

“Мен демөөрчүлүк кылганга ниетим бар” деп декабрь айында бирөө телефон чалды. “Аты-жөнүнүз ким?” десем айтпады. Анан “Мен сизге кыздардын Жаңы жылдык кийимдерин салайын,  таратып бериңиз!’ деп суранды. Аларды Кулунду айыл аймагындагы өзүмдүн мектебиме, Сүлүктү шаарындагы балдар интернатына да жеткирдик. Ушундай жакшы инсандар арабызда көп болсун!

Маектешкен: Бүүрайма АБДИЛААТ кызы

Бөлүшүү

Комментарийлер