КМУНУН КӨРКӨМ БИЛИМ БЕРҮҮ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 29.09.2021
  • 0

И.Арабаев атындагы Мамлекеттик университетинин көркөм маданият жана билим берүү факультетинде мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ факультеттин деканы Кубатбек Жакыпов бүгүнкү күндѳгү мамлекеттик тилдин абалы, өнүгүү жолу тууралуу сөз сүйлөп, жалпы катышуучуларды тил күнү менен куттуктады.

Иш-чарага «Кутман эл» коомдук бирикмесинин өкүлдѳрү катышып, факультеттин жамаатын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Аталган коомдук бирикмеси факультеттин деканы Кубатбек Жакыповду жаш муундарды руханий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоого кошкон салымы үчүн жана факультеттин деканынын орун басары Азиз Батыровду кыргыз салттуу музыкасын дүйнѳгѳ даңазалоого кошкон алымы үчүн «Эл кадырманы» төш белгиси менен сыйлады.

Майрамдык иш-чарада студенттер тарабынан концерттик программа тартууланып, кыргыз тилин даназалаган чыгармалар аткарылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер