ҮҢКҮРДӨ ЖАШАГАН МУГАЛИМ

  • 08.01.2018
  • 0

Базар-Коргондо музыка мугалими 18 жылдан бери үңкүрдө жашап келатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

ҮҢКҮРДӨ ЖАШАГАН МУГАЛИМ

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл аймагындагы үңкүрдө Төлөн Мамарасулов 18 жылдан бери жашап келет.

Өзүнүн айтымында, ал буга чейин Правда айылында жашачу. Кесиби боюнча музыкант. Музыка сабагынан сабак берип, мугалимдик кесипти аркалап келген.

  • Ошол убакта шал оорусу менен ооруп, 13 жыл төшөккө жатып калдым. Бул оору менен алышып жаткан учурунда түшүмө ушул үңкүр кирип, оорум үнкүрдө айыгуусу тууралуу аян берди. 50 жашымда бул үңкүргө келип жашап калдым. Азыр 68ге чыктым. Жубайым Бактыгүл Байсейитова менен үңкүрдө жашап келебиз, — деп билдирген ал.

Талдуу-Булак айыл аймагынын башчысынын орун басары Сансызбай Нурсеитовдун айтымында, бул үй-бүлө үңкүрдөн башка жерге көчүүдөн баш тарткан.

Бөлүшүү

Комментарийлер