КҮРӨШТӨН БОЛГАРИЯДАГЫ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА
- 20.08.2025
- 0
Бул күндөрү Болгариянын Самоков шаарында 20 жашка чейинки жаштар арасындагы грек-рим, эркин күрөш жана кыздар күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын таймашуулары курч мүнөздө өтүп жатат. Дүйнөлүк күч сынашууда эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Адилет Акылбеков финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынды.

Жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча өлкөнүн тандалма командасынын улук машыктыруучу Алмаз Аскаровдун айтымында, 74 кг салмактык категорияда күч сынашкан 18 жаштагы Адилет финалда россиялык атаандашына аз упай менен жеңилип, жыйынтыгында экинчи орунду ээледи.

Ал 16/1 финалда канадалык атаандашын 12:0 эсебинде артыкчылык менен утуп, 8/1 финалда литвалык балбандын далысын килемге даана тийгизүү менен мөөнөтүнөн мурда утуп алган. Чейрек финалда казакстандык атаандашын жеңип, жарым финалда италиялык балбанды артыкчылык менен утуп, баш байгеге талапкер болгон.

74kg FS — Adilet Nurbekovich Akylbekov (KGZ) df. Raul Caso (ITA)
Муну менен Адилет Акылбеков жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль уткан үчүнчү кыргызстандык эркин күрөшчү болуп калды.
Ага чейин финалга чыгып, күмүш байге уткан балбандар – Уларбек Тууганбай уулу (1997-жылы) жана Хуршид Парпиев (2016-жылы) болгон.
Кечээ, 19-авгусста эркин күрөш боюнча Баяман Керимбеков (57 кг чейин), Өмүрбек Асан уулу (65 кг чейин) жана Максат Табылдиев (79 кг чейин) жубатуучу турнирде беттешип, алгачкы атаандаштарын утушканы менен байгелүү орундарга илинбей калышты. Бакыт Керимбеков гана жубатуучу мелдештерде экинчи жеңишке жетип, финалдык үчүнчү орун үчүн күрөшүү укугуна ээ болгон. Ал коло медаль үчүн таймашта казакстандык спортчу менен чыгып, байгени колдон чыгарып, бешинчи орун менен чектелди.

Аскат Токтоматов (61 килограммга чейинки салмакта) 8/1 финалда жапониялык балбанды артыкчылык менен жеңип, кийинки атаандаштарынын далысын килемге даана тийгизип, таза жеңишке жеткен. Бирок чейрек финалда Аскат америкалык балбандан утулуп калды. Бүгүн, 20-августта Аскат Токтоматов жубатуучу турнирде күрөшүп, атаандаштарын жеңсе, кечинде коло медаль үчүн күрөшкө чыгат.
Эгемен өлкө болгону эркин күрөш боюнча уландар жана жаштар арасындагы дүйнө чемпионаттарынын медаль ээлеринин толук тизмеси менен таанышып алыңыздар:

1992: Нурдин Дөңбаев — коло;
1994: Асеин Төрөгелдиев – алтын;
1997: Тууганбай уулу Уларбек — күмүш;
2001: Надырбек уулу Улан — алтын;
2005: Ильяз Өзүмбеков — алтын;
2006: Ноорузбек Белеков — коло;
2006: Турарбек уулу Нурлан — коло;
2016: Хуршид Парпиев — күмүш;
2017: Акбар Кенжебек уулу — коло;
2021: Мухаммад Абдуллаев — коло;
2022: Мухаммад Абдуллаев – коло
2025: Адилет Акылбеков-күмүш
КЫЗ БАЛБАНДАРДЫН ДҮЙНӨЛҮК ТАЙМАШУУЛАРЫ БАШТАЛДЫ
Кечээ, 19-августта кыздар күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын таймашуулары башталып, Гүлнура Таштанбекова (68 килограммга чейинки салмакта) Кытай Тайбэйинин жана Румыниянын спортчуларын эки жолу артыкчылык менен жеңип, үмүт жараткан. Андан кийин жарым финалга чыгуу үчүн күч сынашууда гераниялык атаандашына алдырып коюп, медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүктөн ажырап калды.

Бүгүн, 20-августта кыздар күрөшүндө беш салмак категориясы боюнча мелдештер башталды. Мында 10 салмактык категория боюнча дүйнө жүзүнөн тандалган 186 балбан кыз күч сынашат.
Кыргызстандын атынан кыздар күрөшү боюнча жаштар курама командасы 5 салмактык категорияда катышып, өлкө намысын коргоп жатышат. Алар:
- Дилназ Абдыкадырова — 50 кг;
- Асема Анаркулова — 65 кг;
- Гүлнура Таштанбекова — 68 кг;
- Кайыркүл Шаршенбаева — 72 кг;
- Айжаркын Жаныбекова — 76 кг.
U-20 кыздар күрөшү боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу – Билимбек Капарбек уулу балбан кыздарды даярдап барды.
АЛДЫДА ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮНҮН КҮЧ СЫНАШУУЛАРЫ ТУРАТ
Ал эми 21-августта грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын таймашуулары башталат. Кыргызстандын намысын 10 балбан коргойт. Алар:55 кг — Өмүр Ынтымак уулу, 60 кг — Кубаныч Аринов, 63 кг — Эмирлан Дүйшөналиев, 67 кг — Жантөрө Мирзалиев, 72 кг — Кутман Темирбеков, 77 кг — Раатбек Паязбеков, 82 кг — Рысбек Калыев, 87 кг — Адилет Кенжебеков, 97 кг — Салахидин Акназаров жана 130 кг — Таласбек Бообеков.
Жаш балбандарды улук машыктыруучу Рыскулбек Эгеев жетектеп барды. Ушул жаш балбандардан байгелүү орундарга жетип калышы толук ыктымал дешет спорт адистери.
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер