КҮРӨШ ЛЕГЕНДАСЫ, ЗАЛКАР УСТАТ ЖЕҢИШ ДӨҢБАЕВ АККА МОЮН СУНДУ
- 04.10.2026
- 0
2026-жылдын 3-октябрдын түнү кыргыз эли, спорт коомчулугу оор жоготууга учурады. Күрөш легендасы, эркин күрөш боюнча СССР спорт чебери, Кыргызстанга жана СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, билим берүүнүн мыктысы Жеңиш Бекбоевич Дөңбаев 81 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин акка моюн сунду.
Ал 1945-жылы 12-июлда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында туулган. 1965-жылдан күрөшкө катыша баштап, союздук жана эл аралык деңгээлде ийгиликтерди жаратып, 1972-жылга чейин күрөшүп, өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан. 1969-72-жылдары эркин күрөш боюнча СССР курама командасынын мүчөсү болгон.
Жеңиш Бекбоевич студенттик курагында республиканын бир нече жолку, Бүткүл союздук «Буревестник» спорт коомунун борбордук кеңеши менен СССР профсоюздарынын Х спартакиадасынын (1969) чемпиону болуп, алтын медаль тагынган. Жеңишбек Дөңбаев 1969-1970-жылдары СССРдин студенттердин биринчилигинде алтын байгени уткан.
Ал 1969-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүрүп, бүт өмүрүн спортко арнап, 1970-1991-жылдары Республиканын спорт мектептеринде күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген. 1991-1996-жылдары Республиканын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу болсо, 1996-1999-жылдары башкы устат катары жетектеген.
Олимпиадалык даярдоо борборунда балбандарга таалим-тарбия берген. 1999-жылдан 2009-жылга чейин күрөш жана бокс боюнча адистештирилген «Олимпиадалык резервдер» мектебинин директору болуп кызмат өтөп, жүздөгөн чемпиондорду тарбиялаган. 2009-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси болгон. 2011-жылдан бери машыктыруучу болуп жигердүү иштеген. Өмүрүнүн акырында ооруп калганга чейин Бишкек шаарындагы Ленин райондук балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв “Илбирс” спорт мектебинде машыктыруучу болуп, бай тажрыйбасын жаштарга үйрөткөн.
Жеңишбек Бекбоевич 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.2001 -жылы «КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамына арзыган. Бир нече жолу “жылдын мыкты машыктыруучусу” деп аталган. СССРге жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Жеңишбек Дөңбаев ондогон чебер балбандарды тарбиялап өстүргөн. Алардын катарында Кенжебек Өмүралиев, Мырзабек Шералиев, Турусбек Тургуналиев, Токтосун Барманов, Чынарбек Изабеков, Нурбек Изабеков, Максат Бобурбеков, Нурдин Дөңбаев, Алмазбек Аскаров, Асейин Төрөгелдиев, Байгазы Кенжебаев, Руслан Мажинов, Болот Өмүракунов, Ислам Тазабеков, Жоошбек Коеналиев, Базарбек Чалов жана башка жүздөгөн чемпиондор, спорт чеберлери бар.
Шакирти, дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Кенжебек Өмүралиев СССРдин 6, Европанын 4, СССР Элдеринин спартакиадасынын, КРнын бир нече жолку чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери болгон.
1991-жылы эгемендик алганы Кыргыз спортчулары үчүн эл аралык мелдештерге катышканга кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылып, Жеңиш Бекбоевич даярдаган шакирттери өлкөбүздү дүйнөгө, Азияга таанытты. Эгемен өлкө болгону 1994-жылы Жапониянын Хиросима шаарында өткөн Азия оюндарында эркин күрөш боюнча алгачкы күмүш жана коло медалдарды утуп келген Максат Бобурбеков менен Нурдин Дөңбаев дагы Жеңиш Бекбоевичтин шакирттери. Ошондой эле жаштар арасында дүйнө чемпиону Асейин Төрөгелдиев, СССРдин жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Алмазбек Аскаров, Руслан Мажинов, Ислам Тазабеков жана башка чемпиондорго да таалим-тарбия берип, күрөш сырларын үйрөткөн. Учурдагы даңазалуу машыктыруучулар Нурбек Изабеков, Чынарбек Изабеков, Байгазы Кенжебаев, Алмаз Аскаров, Ислам Тазабеков баштаган жүздөгөн устаттар Жеңиш Бекбоевичтин шаркирттери болуп саналат.
Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбандар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Улугбек Жолдошбеков, Эрназар Акматалиев жана башка чемпиондордун таланттарынын ачылып, жылдыздары жанып, жеңиштерге жетүүсүнө Жеңиш агайдын салымдары тоодой. Аны кыргыз күрөшүнүн атасы, кайталангыс фенамени деп билебиз.
Акыркы жылдарда кыргыз күрөшү дүйнөгө таанылып, өзүнүн татыктуу жогорку ордун ээлеп калды. Кыргызстанда күрөштүн деңгээли өстү. Бул үчүн машыктыруучуларга да, балбандарга да кеп-кеңештерин айтып, күрөш сырлары, ыкмалары Жеңиш агай үйрөтүп келген эле.
6-октябрда саат 10:00дө Жеңиш Бекбоевич Дөңбаевди акыркы сапарга узатуу зыянаты, аза күтүү митинги Жаштык Аренасында өткөрүлуп, сөөгү Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюулат.
«Кут Билим» Медиа борборунун жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, уул-кыздарына, жакындарына көңүл айтат.