КӨПТҮ ҮМҮТТӨНДҮРГӨН БИБИХОНИМ

  • 01.12.2020
  • 0

Лейлек районунун “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун “Арт-эстет” ийриминин тарбиялануучусу он жаштагы Бибихоним Журавашиева райондук, облустук, республикалык сынактардын жеңүүчүсү. Ал азыртадан эле баштаган ишин таштабаган, өжөр, эмгекчил окуучу.

КӨПТҮ ҮМҮТТӨНДҮРГӨН БИБИХОНИМ

Лейлек районунун“Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун “Арт-эстет” ийриминин жетекчиси Б.Ишанкуловдун берген маалыматына таянсак, кызыгуу — бул адамдын ийгиликтеринин башаты болуп, көптөгөн жетишкендиктерге жол ачат. Кичинекей болсо да ар бир жетишкен ийгилиги адамга дем-күч тартуулап, дагы да алдыга умтулууга түрткү болот. Ошентип, «каалоо күчтүү болсо, кар күйөт» дегендей, бутаны көздөгөн мергенчи максатына багыт алат.

— Дал ушул сыңары окуучум Журавашиева Бибихонимдим кызыктуу, ары таң калычтуу аракети тууралуу айткым келет. Бибихоним 2010-жылдын 9-мартында жарык дүйнөгө келген. Жети жаштагы кыздын сүрөт тартууга болгон кызыгуусун ата-энеси байкап, Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун “Арт-эстет” ийримине кошумча билим алууга алып келишкен. 2017-жылдан тартып “Арт-эстет” ийримине катыша баштаган. Албетте, он жаштагы, көчөт кыздан көп нерсе үмүт этпешибиз ыктымал. Бирок Бибихонимдин башкалардан өзгөчөлүгү, ал мугалимин артынан чуркатпай, жасаган ишине, окуусуна чыныгы кызыгуу, жоопкерчилик менен аракет жасаганында. Баарынан да мени аябай таң калтырып, жүрөгүмө кубаныч сезимин салган нерсе, анын аябагандай мээнеткечтиги болду. Жакынкы күндөрдө жарыяланган “Достук жана боордоштук – биздин байлыгыбыз” аттуу республикалык онлайн сынагын уккандан бери жаны жай албай даярданып, түн жарым дебей, түнкү саат 1.30 да жараткан композициясын жөнөтөт. Албетте, мен бул учурда уйкуга кеткен элем. Эрте менен туруп, телефонумду карап, окуучумдан келген тапшырманын жөнөтүлгөн убагы мени бир тараптан таң калтырса, бир жагынан түнү менен өзүнүн талантын кагаз бетине түшүрүп, уктабай чымыркана аракеттенгени окуучума болгон сый-урматымды, ого бетер сыймыктануумду арттырды. Түнүндө жөнөтүлгөн тапшырманы көрүп, аябай толкунданып, ушундай аракетчил окуучунун мугалими болгонума ыраазы болдум, — дейт жетекчи.

КӨПТҮ ҮМҮТТӨНДҮРГӨН БИБИХОНИМ

КӨПТҮ ҮМҮТТӨНДҮРГӨН БИБИХОНИМ

Он жаштагы Бибихоним азыркы күнгө чейин эл аралык, республикалык, ошондой эле канчалаган онлайн сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп келүүдө. Алдыда түн уйкусунан кечип, чыгармачылык менен алактенген окуучу көптөн ийгиликтерди багынтарына жетекчисинин ишеними чоң.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер