КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ – ЗАМАН ТАЛАБЫ

  • 28.10.2022
  • 0

2022-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарынын Октябрь районундагы №3 мектепке чейинки билим берүү уюмунда “Көп тилдүү билим берүү – заман талабы!” аттуу усулчулар үчүн семинар уюштурулду.

КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ – ЗАМАН ТАЛАБЫ

Семинарда борбордун 80ден ашуун усулчулары мектепке чейинки билим берүү уюмуна көп тилдүү билим берүүнү киргизүү методикасы жана практикасы жөнүндө маалымат алышты.

Мугалимдер сүйлөө көнүгүүлөрүн бекемдөө жолдорун көрсөтүү үчүн мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде сабак өтүштү. Балдар тапшырмаларды түшүнүп, мугалимдерге үч тилде жооп беришти. Семинардын катышуучулары салттуу жана жаңы ыкма боюнча сабактын айырмасын талкуулашты.

Семинардын аягында №3 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде ресурстук борбордун салтанаттуу ачылышы болуп, анда көп тилдүү билим берүү программасы боюнча мугалимдерге консультациялар жана окутуулар өткөрүлдү. Семинар Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду

Бөлүшүү

Комментарийлер