КӨП ОКУГАН КӨПТҮ БИЛЕТ

  • 12.10.2022
  • 0

Бишкек шаардык №22 китепкана Ленин районундагы №77 жалпы орто билим берүү мектеби менен тыгыз байланышта иштеп келет.

КӨП ОКУГАН КӨПТҮ БИЛЕТ

Шаардык китепканачылар Ак-Өргө конушундагы мектептин мугалимдер жамааты менен биргеликте окуучулардын сөз байлыгын жана көркөм адабиятты окууга кызыгуусун өстүрүү үстүндө такай иш алып барууда.

КӨП ОКУГАН КӨПТҮ БИЛЕТ

Алар өрнөктүү инсандардын ишмердигине байланышкан жолугушууларды, кызыктуу темалар боюнча талкууларды аталган мектептин педагогдору менен чогуу уюштурууну адатка айлантты.

КӨП ОКУГАН КӨПТҮ БИЛЕТ
Биргелешкен максаттуу иш-чаралар «Китепканага саякат жасайбыз» деген темада 1-класстан башталат.
Жакында мектептин 1- 2- класстары китепканадагы балдарга арналган жомок, аңгеме, ыр китептери менен жакындан  таанышып кайтышты.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер