КӨП КЫРЛУУ ЖӨНДӨМГӨ ЭЭ БИР ИНСАН ТУУРАЛУУ ЭКИ ООЗ СӨЗ
- 18.09.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Абдувалиев Абдыганы Осмонович быйыл 26-сентябрда илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 50 жылдыгын, өзүнүн 70 жаш кутман-курак юбилейин белгилеп жатат. Ушул даталуу күнгө карата мен анын элге анча маалым эмес сапаттары жөнүндө жазууну чечтим. Агай менен беш жыл бою Ош мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар жаатында чогуу иштеп, анын көп кырлуу таланты бар экендигин байкадым. Анда аларды четинен санай берейин. Сөзүм куру болбош үчүн ар бир аныктаманы далилдөөгө аракет кылам.
Агай – мыкты башкаруучу. Узак жылдар бою декан болуп иштеген мезгилинде, биринчи проректорлук кызматта турганда көп сандагы жамааттын тилин таап, бирдиктүү башкарып, өзүнүн жетекчилик, администраторлук мыкты жөндөмүн көрсөтө алды. Агайдан кол алдындагыларды кантип башкаруу, аларга тапшырма берүү, аткарылган иштердин отчётун алуу ж.б. менеджерлик касиеттерди үйрөндүм.
Агай – улуу устат. Анын окуучулары менен шакирттери, ал ишке алган кызматкерлер жогорку кызматтарда эмгектенүүдө. Шакирттери профессор К.Г. Кожобеков министрдин орун басарына чейин жетип, учурда ОшМУнун ректору кызматын аркалап жатса, Р.Н. Арапбаев илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору болуп эмгектенүүдө. Дагы бирөөсү Б. Азимов математика, физика жана маалыматтык технологиялар институтун жетектөөдө. Кайсы бир мезгилде агайдын колунда иштеп, азыркы учурда чоң кызматтарда жүргөндөрдүн саны арбын.
Агай – дипломат. Университеттин эл аралык байланыштарын чыңдады, 300дөн ашык жогорку окуу жайлар менен келишимдерди түздү же мурда түзүлгөн келишимдерди узартты. ОшМУга келген ар бир конокту, делегация өкүлдөрүн протокол боюнча кабыл алып, жылуу сезимдер менен узатууну ордуна койду. Өнөктөштөр кайсы гана тилде сүйлөбөсүн, алар менен сүйлөшүүлөрдү жогорку деңгээлде жүргүзүп, кызматташтык алакаларын эки жакка тең пайдалуу принциптерге негиздеп талкуулайт болчу. Мунун баары анын дипломатиялык жөндөмүнөн кабар берет.
Агай – диплому жок юрист. Өнөктөштөр менен жалпы кызматташтык, кош дипломдуулук, академиялык мобилдүүлүк ж.б. жааттарда түзүлүүчү келишимдердин юридикалык маселелерин камырдан кыл суургандай чечүүгө жөндөмдүү. Университеттин окуу процессине жана башкаруу системасына байланышкан мыйзамдарды, укуктук-актылык жана нормативдик документтерди ийне-жибине чейин билет. Эл аралык байланыштарга тиешелүү бир нече жоболорду биргеликте түзүп чыкканбыз.
Агай – финансист, экономист. 2016-2019-жылдары өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректор болуп турган кезде университеттин акчасын сарамжалдуу пайдалануу системасына түшүрүүгө аракет жасады. Анын тушунда бюджет 1,7 миллиард сомдон ашты. Бизнес жана менеджмент факультетинин ачылышына өзүнүн үлүшүн кошуп, ал жакта экономиканы математикалык жактан моделдештирүү боюнча сабактарды өткөн, илимий макалаларды чыгарган. Жогорку математика жана математикалык экономика кафедрасынын башчысы кызматында иштеп, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп жана аудит адистиктерин ачкан.
Агай – табиятынан математик. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун математика мугалими адистигин 1974-жылы аяктаган. Ошол убакыттан бери студенттерге математикадан сабак берет. Кесиби анын жеке турмушуна дагы таасир этет. Дайыма рационалдуу, логикалуу ойлонот, кептеги, иштеги артыкбаштыкты жактырбайт. Анын акылынын түзүлүшү практикалык мүнөздө, нерселердин прикладдык тарабына көбүрөөк көңүл бурат.
Агай – информатик. Жаңы технологияларды, Интернетти мыкты түшүнөт, компьютерде эркин иштейт, электрондук почтанын кызматынан жемиштүү пайдаланат (ошол эле учурда анын жашындагы көпчүлүк инсандарда мындай шык-жөндөмдү байкабайбыз). Соцтармактардын ичинен фейсбукка катталган, постторун жарыялап, башкалардын публикацияларына комментарийлерди калтырып турат.
Агай – илимпоз. Кандидаттык ишин 1984-жылы М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде коргогон. Анын макалалары ошол кездеги кадыр-барктуу журналдарда жарык көргөн. Илимий эмгектеринин, окуу-усулдук колдонмолорунун саны 50дөн ашат. Агай магистранттардын диссертацияларына, студенттердин квалификациялык жумуштарына жетекчилик кылат, аспиранттардын иштеринин талкуусуна катышат. Илимпоз катары аларга өзүнүн калыс баасын берет, сын-пикирлерин айтат. Андан тема алгандар менен тыгыз иш алып барат, студенттер жумуштарын башкаларга жаздырышына жол бербейт. ОшМУда математика адистиги боюнча ачылган диссертациялык кеңешке мүчө болуп келген. Илимдеги ири жетишкендиги үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгын алган.
Агай – саякатчы. Дүйнөнүн бир нече өлкөсүнө иш сапары менен болгон. Англия (2 жолу), Шотландия (1 жолу), Германия (3 жолу), Испания (1 жолу), Италия (1 жолу), Кытай (2 жолу), Индия (2 жолу), Россия, Казакстан, Өзбекстан, Армения (бир нече жолу) ж.б. чет мамлекеттердин окуу жайларында өткөн конференцияларга, семинар-тренингдерге катышып, кооз жерлерине саякат жасоого да үлгүрдү.
Агай – оратор. Университеттин Окумуштуулар, административдик кеңештеринде көп жолу маселе алып чыгып, отчёт берип, презентацияларды жасап жүрөт. Мындай учурда ал элге окшоп чыгып кагаздагы же экрандагы текстти окубайт. Өзүнө заметка даярдап алып, ошол боюнча ырааттуу сүйлөйт. Өз убагында сөзүн токтотот. Анын чогулуштарда кесиптештерине берген суроолорун дагы логикалуу, кыска, так-даана, бирок ошол эле учурда мазмундуу деп баалоого болот.
Агай – спортсмен. Үйүнө Каныбек Сагыналиевдин бильярдын орнотуп койгон, бош мезгилинде эрмектейт. Жаштыгында бокс менен машыгып жүргөн. Армияда жүргөндө профессионал боксер менен “былчылдашканын” күлүп эскерет. Атасын айылда Осмон балбан дешкен, анткени мыкты эңишкен жана улак чапкан экен.
Агай – ажарлуу адам. Шыңга бойлуу, кара чачтуу, ак жүздүү, бетинде тырышы жок, жарашыктуу, таза, тыкан кийинет. Баары агайдын жаштыгына, келбетин сактап жүргөнүнө суктанышат. Бир-эки жолу экөөбүз кийим дүкөндөргө барып шопинг кылып келдик. Ошондо агай менден алда канча жарашыктуу, заманбап кийине тургандыгына күбө болдум. Атамдан сурап калам: “Эмне үчүн Абдыганы агай сизден жаш, шаңдуу жүрөт, чачы да сиздикинен кара”, – деп. Ал айтат: “Ал шаарда жашайт да, кара жумуш кылып, өзүн кыйнабайт”, – деп. Атам экөө чогуу окуган, курсташ.
Агай – берешен. ОшМУга келген чет өлкөлүк конокторго кыргыздын меймандостугун көрсөтөт, кымбат баалуу колдо тартылган картиналарды, улуттук орнаменттерди белек кылат. Аны менен чай ичип калсаң, эч качан сага төлөтпөйт, кээде гана кезектешип төлөөгө араң уруксат аласың. Эч кимден пара албайт, өзүнө ток жашайт.
Агайдын асыл сапаттары, көмүскө таланттары абдан көп, жогоруда мен алардын айрымдарына гана токтолдум.
Урматтуу Абдыганы Осмонович, алтын уяңыз болгон ОшМУдагы илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүңүздүн 50 жылдыгын, өзүңүздүн 70 жылдык мааракеңизди белгилеп жатасыз. Сиз университетке зор эмгек сиңирдиңиз. 50 жыл аралыгында окуу жайдын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, өмүрүңүздү билим берүү чөйрөсүнө арнадыңыз. Сиздин ийгиликтериңиз менен жалпы кесиптештериңиз, шакирттериңиз сыймыктанат. Жамааттын төрүндө болуп, келечекте дагы да мыкты иштерди жасайсыз деп үмүттөнөбүз. Кесиптештериңиздин арасында көптү көргөн, көптү билген, билим берүүдө байсалдуу жолду басып өткөн, тажрыйбасы мол көсөм жетекчи, акылман аксакал болуп, узак жашаңыз! Торколуу тоюңуз менен чын дилден өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан кызуу куттуктаймын!
С.М. Амиралиев, филология илимдеринин кандидаты, доцент
Комментарийлер