КӨП БАЛАЛУУ ЖАНА АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДӨ ТАРБИЯЛАНГАН БАЛДАРГА КОЛДОО КӨРСӨТҮЛДҮ

  • 24.12.2020
  • 0

22-декабрда Нарын, Чүй, Ош облустарындагы жана Бишкек шаарындагы көп балалуу жана социалдык аярлуу үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан 1136 балага жалпы суммасы бир миллион беш жүз миң сомдон ашкан окуу куралдары тапшырылды. Окуу куралдары COVID-19 пандемиясынын коомдук жана экономикалык кесепеттеринин балдарга жана алардын өнүгүүсүнө тийгизген таасирин азайтуу жана балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүнө шарт түзүү максатында берилди.

КӨП БАЛАЛУУ ЖАНА АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДӨ ТАРБИЯЛАНГАН БАЛДАРГА КОЛДОО КӨРСӨТҮЛДҮ

Жогорудагы демилге Билим берүү жана илим министрлигинин жардамы менен, MSDSP KG коомдук фондунун билим берүү программасы тарабынан “Мектептер2030” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

“Мектептер2030” – 2020-2030-жылдарда дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө ишке ашып, миңдеген мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдар (ар бир өлкөдө 100дөн), кесиптик-техникалык жана жогорку окуу жайлар менен иш алып бара турган он жылдык глобалдык изилдөө жаатындагы долбоор. Тактап айтканда, долбоор балдар жана жаштардын билимин, көндүмдөрүн, дүйнө таанымын жана баалуулуктарын калыптандырууда жана алардын коомдун өнүгүшүнө андан ары толук кандуу катышуусу үчүн мыкты тажрыйбаларды жана чечимдерди аныктоого жана жайылтууга жардам берет.

КӨП БАЛАЛУУ ЖАНА АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДӨ ТАРБИЯЛАНГАН БАЛДАРГА КОЛДОО КӨРСӨТҮЛДҮ

Кыргызстанда «Мектептер2030» долбоору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен MSDSP KG коомдук фондунун ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтыктын алкагында 100 мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында ишке ашырылууда.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер