КҮНДҮН КҮРӨӨ ТАМЫРЫН КАРМАГАН ЛИЦЕЙ
- 30.06.2023
- 0
IT-багыттар боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, эмгек рыногунда талап кылынган атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык, кеңири финансылык автономия жана академиялык эркиндик берүү менен «№99 Кесиптик лицей» мекемесине өзгөчө статус берилсин жана андан ары «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи» мекемеси деп аталсын деген Президенттин буйругу чыкты.
Өзгөчө статустун алкагында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башталгыч кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программаларынын мазмунунун милдетүү минимумуна талаптарды эске алуу менен билим берүү стандарттарын өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүгө, билим берүүдөн, окуу-өндүрүштүк жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштен киреше алууга жана аларды ишти жакшыртууга жана материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жумшоого, көзөмөлчүлүк кеңеши менен макулдашуу боюнча атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны өз алдынча тескөөгө (ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө ), ошондой эле материалдык-техникалык базаны ижарага берүүдөн алынган каражаттарды тескөөгө, башкаруунун ички түзүмүн жана кызматкерлердин штаттык санын өз алдынча аныктоого, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүү жана бекитүү укугуна ээ болот.
ЭФФЕКТИВДҮҮ ҮЧ БАГЫТ
Директор Чынара Урумкалиеванын айтымында, окуу жай жаңы үч негизги багыт боюнча иш алып барат. Бул үчүн Кыргызстандагы 2000 ашык IT компанияларынын башын бириктирген «Жогорку технологиялар паркынын» жетекчилиги менен үч мемориандумга кол койду. Мемориандумдун негизинде, бардык багыттар боюнча иштөө программалары парк менен биргеликте иштелип чыгат. Тактап айтканда, программадагы канча саат практикага, кантип жумшалуусу керектигин, канчасында теорияга басым жасаларынын баарын анализдеп иштеп берет. Эскилерин алат.
Биринчи багыт – киберкоопсуздук. IT багыты тынымсыз өнүгүп жаткан мезгилде маалыматтар электрондук түрдө сакталып калгандыктан, «киберкоопсуздук» деген жаңы тренд пайда болду. Мындан улам киберкоопсуздуктун биринчи деңгээлиндеги системалык администратор адисин даярдоону пландайт. Себеби ушул эле деңгээлди жакшы билген бүтүрүүчү Кыргызстандын аймагынан чыкпай эле дүйнөлүк компаниялар менен иштөөгө мүмкүнчүлүк бар. Суроо-талап да жогору. Ушул деңгээлде даярдай алган практик мугалим сабак бергендиктен, окуучу экинчи жылдан тартып эле принтер оңдоо, офистик программаларды калыбына келтирүү, мышка оңдоо сыяктуу жумуштарды аткарып, өз алдынча каражат да таба алат.
Экинчи багыт — веб программист. Бүгүнкү күнү бардык университтерде советтер союзунун программасында универсал программисттерди даярдагандыктан, окууну аяктагандан кийин бир да багытта кесипкөй адис болуп чыкпайт. Баарынан аз-аздан гана билет. Ошондуктан окуу жай бир гана багыттагы адистерди даярдоону пландоодо. Жыйынтыгында, 11-классты аяктаганда жок дегенде миң долларлык жумуштун ээси болуп чыгат.
Үчүнчү багыт – мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу. Бул багытта окуу он айлык мөөнөттү талат кылат. Даярдыгы бар бала гана окууга кабыл алынат. Мисалы, он айлык курсту окуп, базалык бэкенд жана фронтенд деңгээлин билген, программистттик көндүмдөргө ээ окуучу келүүсү кажет.
ПРАКТИК МУГАЛИМДЕР ТАРТЫЛАТ
Директордун айтымында, IT багытындагы практик мугалимдер 20миң сом эмгек акы үчүн убакытын, энергиясын коротууну каалабайт. Ошол себептен тажрыйбалуу адистер үчүн жок дегенде миң долларлык эмгек акы коюп, аларды жумушка тартууну каалайт. Бул нерсени өкмөт эске алып, эки-үч жыл колдоо көрсөтсө, жакшы жыйынтык көргөзөт. Андан кийин өз алдынча чарба жүргүзүү менен өзүн өзү камсыздоого жол ачылат. Азырынча бул кырдаалдан чыгуу үчүн контракттык тайпаларды ачууну көздөйт. Эгерде эмгек акы жогору болсо, «Жогорку технологиялар паркы» практик мугалимдер менен камсыз кылат. Тажрыйбалуу мугалимдерден сабак алган окуучу жогорку маяналуу жумуш менен камсыз боло алган деңгээлде билим алат.
ШАРТТАР ЗАМАН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫКПЫ?
Аталган лицей эки багыт: IT жана машина оңдоо (машинастроение) боюнча кесип ээлерин даярдайт. Машина оңдоо боюнча эскилиги жеткен лабораториясы бар. Анда унаа тетиктерин жыйноону, кайра чачууну лицейдин базасында мастерлер үйрөтөт. Билимин тереңдетүү үчүн практикага ТТСга үч-төрттөн жиберилип турат. Ал эми IT багытындагы адистерди даярдоо үчүн эки компьютердик классы бар. Анда элүүгө жакын компьютер коюлган. Бирок операциялык системасы күчтүү, эс тутуму жогору компьютерлер менен жабдылган заманбап эки класс талап кылынат.
ЧЕТ ЭЛДИК ОКУУ ЖАЙЛАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
Лицейде 19 мугалим эмгектенсе, анын жарымы IT тармагындагылар. Мугалимдердин теориялык жактан билими күчтүү болгону менен, практика жүзүндө тажрыйбасы аз. Тажрыйба алмашуу максатында, жакынкы күндөрү Индиянын IT багыты боюнча окуу жайлары менен кызматташат. Кытайдын техникалык окуу жайлары менен электромобиль, машина оңдоо боюнча талдыңкы технологияларды алып келип иштешүү максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Дүйнө жүзүндө болуп жаткан тенденция, технологиялардан алыс болбоо үчүн өнүккөн мамлекеттер менен иш алып барат. Мындан тышкары, тенхологиясы өнүккөн мамлекеттердин ЖОЖдоруна өзү кат жазып, кызматашууну сунуштоодо.
КАНТИП КАБЫЛ АЛЫНАТ?
Лицейде 380 бала билим алса, анын 95 окууну аяктоодо. Окуу мөөнөтү эки айдан эки жылга чейин. Мындан тышкары, бир айлык СММ адиси, видео монтаждоону үйрөнүү, жасалма интеллектти колдонуу сыяктуу курстарды ачууну көздөйт. Бул кесиптик лицейге бардык эле каалоочулар кабыл алына бербейт. Дегеним, келген талапкер адегенде деңгээлин текшерүү үчүн атайын даярдалган тест тапшырат. Анын жыйынтыгына жараша, эки же алты же эки жыл даярдалары айтылат, таланты аныкталат. Баары окуучунун деңгээлинен көз каранды. Тесттен өткөндөн кийин эмнеден баштап, кантип окуу керектигини, мастери ким болоруна чейин түшүндүрүлөт. Ошол эле учурда ата-энелер да шарт түзүп берүү тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлөт. Себеби окуучу үйдөн да тапшырмаларды кайталап, өз ладынча иштөөгө мүмкүнчүлүк болушу керек.
Айгерим ТОКТОБАЕВА, «Кут Билим»
Комментарийлер