КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ БЕШ МИҢ АДАМДЫ АКЫСЫЗ ОКУТТУ

  • 27.11.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы кесиптик лицей жана колледждердин базасында 130 кесиптин түрү боюнча 5 миң адамды акысыз окутту.

КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ БЕШ МИҢ АДАМДЫ АКЫСЫЗ ОКУТТУ

Бүгүн министрликте өткөн жыйында Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду менен стейкхолдерлердин кызматташуусунун келечеги талкууланды.

“Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү программасынын” өкүлү Нурлан Атакановдун айтымында, Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду аталган программанын алкагында эмгек базарында талап күч болгон кесипке окутуу боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштурууда. Жыл башынан бери акысыз окутуудан өткөн адамдардын 74%ы иш менен камсыз болушту.

КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ БЕШ МИҢ АДАМДЫ АКЫСЫЗ ОКУТТУ

“Кыргызстандын эмгек базарында жарандарыбызды чет өлкөгө жумушка мыйзамдуу орноштурууну уюштурган жүздүн тегерегиндеги кадрлар агенттиги иштейт. Алар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө жумушка жайгашуу үчүн укуктук жана маалыматтык жардамдарды да көрсөтөт. Бүгүнкү тегерек столдо жумуш берүүчү компаниялар жана жеке тараптардан буюртмаларды алуу, эмгек базары талап кылган кесипке үйрөтүү курстарын өнүктүрүүнү талкууладык”,-деди Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун жетекчиси Рысбек Акынбаев.

Билим берүү жана илим министрлиги кесиптик билим тутумун жакшыртуу боюнча үч негизги максатты белгилеген:

  • кесиптик-техникалык билим берүүдөгү башкарууну жана каржылоону күчөтүү;
  • билим берүү жана окутуу чөйрөсүнүн сапатын жогорулатуу;
  • кесиптик билим берүүдө ишкерлик шыктарды өнүктүрүп, өндүрүш менен кызматташтыкты жайылтуу.

 

Тегерек столго Кыргызстандын кадр агенттиктеринин өкүлдөрү катышты.

Билим берүү жана илим министрилигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер