«КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ» МЕКЕМЕСИ ТҮЗҮЛДҮ

  • 15.12.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы №550 токтому менен КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы – Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду жаңы мекемеси түзүлдү.

Фонддун милдети болуп иш берүүчүлөрдүн жана калктын керектөөлөрүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек рыногундагы заманбап тенденцияларды эске алуу менен суроо-талапка ээ адистиктер боюнча квалификациялуу адистерди даярдоону (кайра даярдоону) уюштуруу саналат.
КӨФ окуу жайлар менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтөт, өлкөнүн жарандарына кесиптик тандоо жана ар кандай кесиптик курстарды издөө маселелери боюнча консалтингдик, эксперттик, маалыматтык, консультациялык кызматтарды жана башка жардамдарды көрсөтөт деп пландалууда.

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду өзүнүн ишмердүүлүгүн 2016-жылдан тартып Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу Билим берүү жана илим министрлигинин долбоорунун алкагында жүргүзүп келген. КӨФтүн ишинин натыйжалуулугунун жыйынтыгы өз алдынча мекеме катары аны институционалдаштыруу болду.

КӨФ 16 жаштан 63 жашка чейинки бардык калоочулар үчүн 1 айдан 4,5 айга чейинки кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруп келген. Аталган убакыттын ичинде 23 миңге жакын адам акысыз окутулду, анын ичинде 800 майып жаран.
КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер