КӨМӨКЧҮ МЕКТЕПТЕРДИН МУГАЛИМДЕРИ СЫЙЛАНДЫ

  • 04.12.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 3-декабрь – Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окуткан көмөкчү мектептердин мугалимдерин сыйлады.

КӨМӨКЧҮ МЕКТЕПТЕРДИН МУГАЛИМДЕРИ СЫЙЛАНДЫКӨМӨКЧҮ МЕКТЕПТЕРДИН МУГАЛИМДЕРИ СЫЙЛАНДЫ

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова мугалимдердин жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалап, аларга Ардак грамота жана “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилерин тапшырды.

КӨМӨКЧҮ МЕКТЕПТЕРДИН МУГАЛИМДЕРИ СЫЙЛАНДЫКӨМӨКЧҮ МЕКТЕПТЕРДИН МУГАЛИМДЕРИ СЫЙЛАНДЫ

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген беш миңдей баланы окуткан 32 адистештирилген билим берүү уюму бар.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер