КӨҢҮЛ БУРГУЛА! КОНКУРС! «ООЗДОН ООЗГО ӨТКӨН ҮЙ-БҮЛӨ ТАРЫХЫ, КЫРГЫЗСТАН — XX КЫЛЫМ»

  • 20.04.2020
  • 0

Достор, Сиздерде биз менен бөлүшүүгө, жеке тарыхыңыз, күндөлүк, ата-бабаларыңыздын тарыхы, чоң-ата, чоң-энеңиздин, үй-бүлөңүздүн, айыл же шаарыңыздын (XX кылымдын тарыхы болсо) көмүскөдө айтылбаган, эстен кеткис окуялары болсо — бул конкурс Сиз үчүн. Буга кошумча сүрөт, видео, кат жана башка ар түрдүү булактар болсо артыкчылык берилет жана туура, так болуусуна шарт түзүп толуктайт.

Биз — Эсимде ар бир Адамдын, ар бир үй-бүлөнүн эс тутуму баалуу жана өз тарыхын айтууга татыктуулугун даңазалоого умтулабыз! Конкурстун максаты — элдерди ХХ кылымда болуп өткөн өз тарыхын изилдөөгө чакыруу. Эң негизги өзгөчөлүк — карапайым, жөнөкөй элдердин көмүскөдө айтылбай калган тагдырына көңүл буруу. Конкурстук материалдарды esimdekg@gmail.com дарегинен 2020жылдын 1июлуна чейин күтөбүз. Бардык суроолор боюнча: esimde.gulzat@gmail.com дарегине кайрылсаңыздар болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер