“К. КАРАСАЕВ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУУ МУДАРИСИ”

  • 09.01.2021
  • 0

Ушундай аталыштагы КР Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, улуттук тунгуч лексикограф жана лексиколог КР илимине эмгек сиңирген ишмер К. Карасаевдин 120 жылдыгына арналган  илимий-практикалык конференция 5-январда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде болуп өттү.

“К. КАРАСАЕВ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУУ МУДАРИСИ”

Иш-чара мамлекеттик масштабда уюштурулуп, ага КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джантаев Элчибек,  Кусеин Карасаевдин кызы Карасаева Алтынай, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы  Ишекеев Назаркул, КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары  Иманалиев Кайрат, филология илимдеринин доктору Үкүбаева Лайли, Каракол шаарынын мэри Джумаев Эрмат, ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар баштаган университеттин окутуучулары жана кызматкерлери катышты.

Конференцияны ректор Иманбаев Аскар ачып берип, өзүнүн сөзүндө “К. Карасаев өзүнүн артында баа жеткис мурас калтырды. Биздин чыгаан агайыбыздын эмгектерин барктап, бапестеп кийинки муунга калтыруу биздин милдет”, — деп билдирди. Жаңы муун кыргыз тилинин басып өткөн жолун, улуу инсандардын эмгектерин билүүсү зарыл экендигин, жана бул конференция дал ушул максатты көздөп уюштурулуп жаткандыгын баса белгилеп өттү.

Пленардык кеңешмени, К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун профессору, ф.и.д. Иманов Акеш “К. Карасаевдин адамгерчилиги жана илимпоздугу” темасындагы доклады менен ачып берди. К. Карасаевди жакындан тааныган Акеш Иманович, көмүскөдө калган эмгектери жана көпчүлүккө билинбеген адамдык сапаттары тууралуу сөз кылды.

ЫМУнун профессорунун милдетин аткаруучусу, ф.и.д. Дунканаев Абдыкалык “К.Карасаев жана кыргыз тилинин лексикографиясы” темасындагы доклад окуду. Карасаевдин кыргыз тилинин фундаментин түзгөн иштери тууралуу сөз кылды. Ар бир эмгеги азыркы күндө терең илимий изилдөөгө муктаж экендигин баса белгиледи.

Конференциянын соңунда Карасаев таануучу Ибраимов Алихан жыйынтыктоочу сөзүндө конференциянын уюштуруучуларына терең ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер