К. КАРАСАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

  • 02.06.2022
  • 0

Кытай филологиясы кафедрасынын башчысынын кызматына; — журналистика жана маалыматтык системалар кафедрасынын башчысынын бош кызмат ордуларына конкурс жарыялайт.

Сынакка катышууга илимий даражасы жана илимий же илимий-педагогикалык иш стажы 5 жылдан кем эмес тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы жогорку билими бар адистерге уруксат берилет.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу керек:

— конкурска катышуу үчүн жазуу жүзүндөгү арыз;

— кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча (К.Карасаев атындагы БМУда иштебеген адамдар үчүн негизги иштеген ордунан күбөлөндүрүлгөн);

— паспортунун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде берилет);

— резюме, иштеген ордунан мүнөздөмө-сунуштама;

— жарыяланган илимий эмгектердин жана ойлоп табуулардын, ошондой эле белгиленген формадагы окуу-методикалык каражаттардын тизмеси;

— документтеринин көчүрмөсү (окугандыгы тууралуу, илимий даражасы, илимий наамы, квалификациясын жогорулаткандыгы тууралуу, эмгек китепчеси, күбөлүктөрү, сыйлыктары жана башка документтери нотариустан же иштеген орду боюнча кадрлар бөлүмүнөн күбөлөндүрүлгөн).

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документти жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка катышууга жол берилбейт.

Документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү – жарыяланган күндөн тартып бир ай.

 

Документтер Бишкек шаары, Айтматов проспектиси 27 дарегине жөнөтүлүшү керек. Кадрлар бөлүмү, тел.: 27-87-14

 

Бөлүшүү

Комментарийлер