К. КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛЬ — ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ
- 16.05.2023
- 0
ЧЕЧИМ ЧЫГАРЫП, АРАКЕТТЕН!
КОЛЛЕДЖДИН ТАРЫХЫ
1957-жылы Фрунзе шаарында биринчи категориядагы автомобиль-жол техникуму түзүлүп, 1997-жылы Кусаин Көлбаевдин ысымы Бишкек автомобиль-жол техникумуна ыйгарылган. 2022-жылы колледж өзүнүн 65 жылдык юбилейин белгиледи. Бүгүнкү күндө биздин колледж Кыргызстандагы инновациялык жактан өнүгүп келе жаткан базалык колледждердин бири болуп саналат. 2012-жылы биздин колледж Европа стандарттары боюнча пилоттук аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, GIZ программасынын «Кесиптик- техникалык билим берүү жана ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү» программасы боюнча квалификацияларды берүү укугу ыйгарылуу менен, AСK № SP1/12 тиешелүү сертификатын алган. Билим сапаты жаатындагы чоң жетишкендиктери үчүн колледжибиз 2015-жылы сапат сынагында, «Билим» номинациясында диплом менен сыйланган.
2015-жылдан бери БАЖК Азия өнүктүрүү банкынын окуу-материалдык базаны жакшыртууга, лабораторияларды оңдоого, ошондой эле мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга багытталган “Кесиптик-техникалык билим берүүнү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоорлорунун катышуучусу болуп аналат.
АДИСТИКТЕР:
190604 — “Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо” (бюджет / контракт).
190701 — “Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу (аба транспортунан башка транспорттун түрлөрү боюнча)” (бюджет / контракт).
190605 — “Көтөрүп ташуучу, курулуш, жол машиналарын жана жабдууларын техникалык экс-плуатациялоо” (бюджет / контракт).
270206 — “Автомобиль жолдорун жана аэро-дромдорду куруу жана эксплуатациялоо” (бюджет / контракт).
190503 — “Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү боюнча, суу транспортунан башкасы)” (контракт).
230110 — “Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө” (контракт).
230111 — “Компьютердик системада программалоо” (контракт).
190702 — ”Автомобиль транспортунда жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу” (контракт).
КОЛЛЕДЖ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ:
- Жалпысынан 21 лаборатория.
- Электрондук китепкана.
- Тестирлөө борборлору.
- Устакана.
- Жатакана.
- Студенттер үчүн ашкана.
- Колледж боюнча акысыз Wi-Fi.
Окуу мөөнөтү:
9-класстын базасында — 2 жыл 10 ай
11-класстын базасында — 1 жыл 10 ай
Күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү бар
Керектүү документтер:
- Билими жөнүндөгү документ.
- Аттестат же билими жөнүндө күбөлүк.
- Мед. справка Ф-086-У.
- 3х4 өлчөмүндөгү 8 сүрөт.
- Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк.
- Аскердик билет же аскердик күбөлүк.
Комментарийлер