К.КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛЬ-ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ (БАЖК)  

  • 08.04.2022
  • 0

 1957-жылы 19-июнда негизделген мамлекеттик окуу жай.   

К.КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛЬ-ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ (БАЖК)  

                                                                                                                                            К.Көлбаев атындагы БАЖК Кыргызстандагы алдыңкы ОКББУ катары 2015- жылдагы “Билим берүү” номинациясы боюнча   КР Өкмөтүнүн  “Сапат” конкурсунун диплому менен сыйланган.

  БАЖК төмөнкү адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт:

Адистиктердин аталышыКонтрактКонтракт Бюджет
1190604 «Автомобилдик унааны техникалык тейлөө жана оңдоо»11-класс 9-класс9-класс
2190605 «Көтөрүүчү-унаалык, курулуш жол машиналарын жана жабдууларын техникалык экплуатациялоо»Жок 9-класс9-класс
3270206 «Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана пайдалануу»11-класс 9-класс9-класс
4190701 «Унаада (автомобилдик) ташууларды уюштуруу жана башкаруу»11-класс 9-класс9-класс
5190503 «Унаанын электр жабдуусун жана автоматикасын пайдалануу (автомобилдик)»11-класс9-классЖок
6190702 «Автомобиль транспортунда жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу»11-класс9-классЖок
7230110 «Компьютердик тармактарды жана эсептөөчү техниканын каражаттарын техникалык тейлөө»11-класс9-классЖок
8230111 «Компьютердик системаларда программалоо»Жок9-классЖок

БАЖКны тандоонун беш себеби:

  1. Бардык адистиктер ар качан жана бардык жерде талап кылынат жана көп төлөнөт;
  2. Билим берүү программалары Ата Мекендик жана эл аралык таанууга ээ;
  3. Окууга өтүү жана окутуу ачык жана айкын жүргүзүлөт;
  4. Өндүрүштүк тажрыйба жалпы республикалык системада белгилүү ишканаларда өткөрүлөт;
  5. Ыңгайлуу студенттик жатакана жана мазмундуу студенттик турмуш.

Колледжде окуп жаткан мезгилде студенттерге “В” “ВС” категориясындагы  айдоочунун күбөлүгүн алууга мүмкүнчүлүк берилет. колледждин ДИПЛОМУНУН НЕГИЗИНДЕ автоишканаларда, КР ИИМ ЖККБББ (МАИ) тармагында, транспорттук инспекцияда, транспорттук-экспедициялык жана логистикалык компанияларда, автосервистерде, жол-куруу ишканаларында, жүк терминалдарында,  Кыргыз Республикасынын унаа жана жол министрлигинин  ишканаларында жана башка кызматтарда иштей алышат.

К.КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛЬ-ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ (БАЖК)  

Колледжди аяктагандар Кыргызстандын  төмөнкү окуу жайларында  окуусун уланта алышат: Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КГТУ), Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде (КГУСТА), Кыргыз мамлекеттик агрардык академиясында (КМАА) жана Кыргыз-Россия славян университетинде (КРСУ) ж.б.

К.КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛЬ-ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ (БАЖК)  

Жогорку билимин Россиядан улантууга умтулган бүтүрүүчүлөр Томск политехникалык университетинен, Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университетинен, Волгадагы мамлекеттик технологиялык университетинен, Костромадагы агрардык академиядан жана Казандагы федералдык университетинен бюджеттик негизде окууну уланта алышат.

К.КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛЬ-ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ (БАЖК)  

К.КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛЬ-ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ (БАЖК)  

К.КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛЬ-ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ (БАЖК)  

К.КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛЬ-ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ (БАЖК)  

Колледжде Окуу өндүрүштүк борбор (ОӨБ), бардык адистиктер боюнча 21 лаборатория, электрондук китепкана, тестирлөө борбору, устакана, жатакана, спорт зал, жайкы спорт аянтча, заманбап кичи футбол аянтча, студенттик ашкана, бекер интернет жана Wi-Fi. бар.

Контракттын баасы  2022-2023-окуу жылына карата:   26000 сом – күндүзгү окуу бөлүмүнө, 20000 сом/ сырттан окуу бөлүмүнө.                                                                                                                                                                                                Керектүү документтер: Билими жөнүндөгү документ (аттестат же билими жөнүндө күбөлүк), паспорт же туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүк,   3х4 өлчөмүндөгү 8 сүрөт, аскердик билет же аскердик күбөлүк.

Окуу мөөнөтү: 9-класстын базасында-2 жыл 10 ай, 11-класстын базасында 1 жыл 10 ай.

 Дареги: 720044, Бишкек ш., Ч. Айтматов проспектиси 52.

Тел., факс: 0312-59-60-88.  +996 703 63 31 31. +996 703 608 494.

Колледждин электрондук  почтасы: [email protected]   Колледждин веб-сайты: www.BADK.kg

Кабыл алуу комиссиясы 2022-2023-окуу жылына карата аралыктан документтерди кабыл алууну баштады.

Бөлүшүү

Комментарийлер