Көк бөрү: Ынтымак командасы эл аралык кубоктун жеңүүчүсү болду

  • 21.08.2023
  • 0
Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча клубдар арасындагы эл аралык кубокту Кыргызстандын «Ынтымак» командасы утту.
Көк бөрү: Ынтымак командасы эл аралык кубоктун жеңүүчүсү болду
Мелдештин финалында Кыргызстандын «Ынтымак» менен Казакстандын «Астана» командасы ойноду. «Ынтымак» атаандаштарын 10:1 эсебинде жеңип алды. Ошентип биринчи орунга «Ынтымак», экинчи орунга «Астана» командасы татыды.
Бул эл аралык мелдеште үчүнчү орунду Кыргызстандын көк бөрү боюнча дагы бир күчтүү командасы «Достук» ээледи. Алар казакстандык «Түркстан» командасын 11:3 эсебинде утту.
Бөлүшүү

Комментарийлер