К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине караштуу СУЛТАН ИБРАИМОВ атындагы АГРОТЕХНИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ
- 02.05.2026
- 0
— Биз агрардык өлкөбүзбү?
— Ооба, агрардык.
— Анда бизге айыл чарба адистери керекпи?
— Ооба, суудай керек!
— Ушундай атайын окуу жай барбы?
— Ооба, албетте, бар!!!
— Биз сизге Бишкек шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине караштуу СУЛТАН ИБРАИМОВ атындагы АГРОТЕХНИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИН сунуштайбыз!

БИЗДИН КОЛЛЕДЖДИ ТАНДООҢУЗДУН 7 СЕБЕБИН АЙТЫП БЕРЕЛИБИ?
1-себеби: 96 жылдык зор тарыхы бар – биздин колледж агрардык сектордогу геодезисттерди, мамлекеттик каттоочуларды, суу адистерин, гидрокуруучуларды, экологдорду, ихтиологдорду, ветеринарларды, агрономдорду, IT программисттерди, ишкерлерди окутуп чыгарат.
2-себеби: Бизде эң мыкты жогорку квалификациялуу окутуучулар иштешет.
3-себеби: Окутуу кабинеттерде эле эмес, өндүрүштөрдө жүргүзүлөт.
4-себеби: Биздин бүтүрүүчүлөр өз адистиги боюнча окуусун Агрардык университеттен кыскартылган программа менен, жана да академиялык мобилдүүлүк боюнча чет өлкөлөрдүн белгилүү университеттеринде улантууга мүмкүнчүлүгү бар.
5-себеби: Биз сиздерге колледжден 100 метр аралыкта жайгашкан, заманбап жабдылган жатакананы сунуштайбыз.
6-себеби: Бизде студенттик жашоо – бараандуу жана шаан-шөкөттүү.
7-себеби: Биздин дарек – Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкандыгы
– Медеров көчөсү, 68, К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин имаратында. (“ГИДРОФАК”)
9-класстын базасында төмөнкү адистиктер – бюджеттик жана контракттык негизде
(11-класстар үчүн – контракттык):

- Жерлерди мелиорациялоо, калыбына келтирүү жана коргоо;
- Жерге жайгаштыруу;
- Колдонмо геодезия;
- Айыл чарбасындагы ишкердик;
- Агрономия ;
- Ихтиология жана балык чарбасы;
- Экология жана айлана чөйрөнү коргоо;
- Гидротехникалык курулуш;
- Колдонмо информатика;
- Ветеринария.
11-КЛАССТАРДЫН ЭСИНЕ!!!
Сөзсүз түрдө Жалпы республи калык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтык баллы талап кылынат.
СЫРТТАН ОКУТУУ БӨЛҮМҮ Окутуу формасы 11-класстын базасында контракттык негизде төмөнкү адистиктер:
- Жерлерди мелиорациялоо, калыбына келтирүү жана коргоо;
- Жерге жайгаштыруу;
- Айыл чарбасындагы ишкердик;
- агрономия.
КОЛЛЕДЖГЕ КИРҮҮ ШАРТТАРЫ ЖАНА ТАРТИБИ:
- Колледждин сайтына кирүү – www.atk.kg
- Мамлекеттик үлгүдөгү билими тууралуу күбөлүгү;
- 3х4 өлчөмүндөгү 8 түстүү фотосүрөт;
- Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (өзү көрсөтөт);
- Ата-энесинин паспортторунун көчүрмөлөрү. Кабыл алынган студенттер жатакана менен камсыз болушат. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине караштуу Султан Ибраимов атындагы Агротехникалык колледжине кош келиңиз! Биз сизди күтөбүз! Бизге кошулуңуз!

БИЗДИН ДАРЕК: 720005. Бишкек ш., Медеров көч., 68,
(Касым Тыныстанов көчөсү менен кесилишет) К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин окуу корпусу, 2-кабат.
Байланыш телефондору: 54-52-07; 0707 76 40 11;
777 78 36 08.
e-mail: [email protected]
сайт: www.atk.kg;
Faсebook: Atk bishkek
Instagramm: atk_college
Комментарийлер