КӨЭУДА «КОШ ЖЫЛДЫЗ-2022» КАРОО-СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 15.04.2022
  • 0

14-апрелде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде студенттер арасында  «Кош жылдыз — 2022» кароо-сынагы өттү.

Сынакка жобого ылайык факультет, колледждерден бирден жуп катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Сынак саламдашуу, идеялдуу түгөйлөр, таланттуу кош жылдыз   деген тапшырмаларды камтыган  үч турдан орун алды. Калыстар тобунун курамын окуу жайдын ректору баштаган проректорлор жамааты түзүштү. Жыйынтыгында баш байгени тарых-филология факультетинин таланттуу студенттери багындырды. 1-орунду Кесиптик колледждин, 2-орунду юридика-бажы факультетинин, 3-орунду каржы-экономика факультетинен чыккан жуптар ээлешти.

Жеңүүчүлөр жана жалпы катышуучулар уюштуруучулардын акчалай сыйлыктарына ээ болушту. Бул кароо-сынактын байге фонду  40 000 сомду түздү.

Андан сырткары Ош шаардык жаштар комитети тарабынан ар бир жуп 1000 сомдон акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Ал эми кароо-сынактын негизги максаты студенттерге окуудан сырткары чыгармачылык менен алектенүүсүн камсыздап, эстетикалык табитин арттыруу менен алардын активдүү жашоо образын чагылдырып, студенттер арасында достукту бекемдөөгө багытталганын Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев белгилеп өттү. «Кош жылдыз-2022» кароо-сынагы окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков менен студенттик кошуундун төрагасы Ыманбен Нурдинов тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер