КӨЭУда эл аралык медициналык факультет ачылат

  • 11.09.2024
  • 0

Окуу жайдын базасында эл аралык медициналык факультетин ачуу демилгесинин негизинде университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышуу үчүн КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош облусунун саламаттыкты сактоону координациялоо жана башкаруу борборунун директору Шаятбек Абдурахманов  Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болушту.

КӨЭУда эл аралык медициналык факультет ачылат

Коноктор окуу жайдын жетекчилигинин коштоосунда университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыккан соң министр Алымкадыр Бейшеналиев  Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында эл аралык медициналык факультеттин ачылышын колдой турганын жана окуу куралдары  менен камсыздалышына колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер