КӨЭУДА ЭКОСИСТЕМАГА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 14.11.2022
  • 0

КӨЭУДА ЭКОСИСТЕМАГА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети  “Тоолордун экосистемаларынын туруктуулугун жана климатты коргоо жылына” карата “Экосистемалардын туруктуулугу жана климат: жаратылыш ресурстары жана адам ишмердиги” аттуу эл аралык илимий практикалык конференция өткөрдү.

КӨЭУДА ЭКОСИСТЕМАГА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Иш-чарага жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимпоздору, бийлик өкүлдөрү   катышты. Окуу жайдын маданий эстетикалык комплексиндеги чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын тоо экосистемасын чагылдырган видео баяндын көрсөтүлүшү аркылуу илимий-практикалык конференция пленардык жыйынын баштады.  Ага улай эле  университеттин ректору Чаткалбай Райымбаев жана  конференциянын ардактуу коноктору куттуктоо сөздөрүн айтышты. Пленардык жыйын үчүн даярдалган баяндамалар окулгандан кийин конференциянын катышуучулары секцияларга бөлүнүп иштеди.

Соңунда он үч пункттан турган резолюция кабыл алып, илимий-практикалык конференция өз ишин жыйынтыктады.

Бөлүшүү

Комментарийлер