КӨЭУ да тегерек стол

  • 08.12.2023
  • 0

7-декабрда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Окуу керемет!» билим берүү долбоорунун алкагында иш-чара болуп өттү.

КӨЭУ да тегерек стол

Бул иш-чарага Бишкектен «Окуу керемет!» долбоорунун директорунун орун басары Нургуль Токтогулова, долбоордун математика боюнча адиси Аида Аликова, окуу боюнча адиси Айкынай Юсупова жана тренингдер боюнча аймактык адиси Yмүт Какеева ошондой эле ОшМУ жана ОшМПУнун методист окутуучулары катышышты.

Иш-чара программа боюнча эки бөлүктөн туруп, күндүн биринчи жарымында гуманитардык-педагогикалык факультетинин ага окутуучусу М.Халмуратова «Обучение пониманию прочитанного”, кесиптик колледждин окутуучусу Д.Бабашева “Чыныгы турмуштук кырдаалдардагы маселелерди чыгаруунун технологиясы” деген темада практикалык көргөзмөлүү сабактарды өтүп беришти.

КӨЭУ да тегерек стол

Күндүн экинчи жарымында КӨЭАУнун материалдык-техникалык базасы менен таанышуу максатында экскурсиялар уюштурулуп, андан кийин «Окуу керемет!» долбооруна ылайык атайын мастер-класс жана тегерек стол өткөрүлдү.

Мастер классты гуманитардык-педагогикалык факультетинин ага окутуучусу М.Сарыбаева «Математикалык планшет жана геоборд” деген аталышта, ал эми кесиптик колледждин окутуучусу Б.Байиева “Башталгыч класстарда күн сайын жана чыгармачыл жазуунун түрлөрү жана натыйжалуулугу” темада уюштурулду.  өздөрүнүн жогорку денгээлдеги чыгармачылык иш-аракеттерин көрсөтүштү.

Бөлүшүү

Комментарийлер