КӨЭАУНУН ЖАМААТЫ РОССИЯДА
- 30.03.2023
- 0
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин илимий иштер боюнча проректору Медербек Исманов баштаган делегация Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Д.Устинов атындагы Балтия мамлекеттик-техникалык ВОЕНМЕХ университетине барды.
Иш сапардын алкагында, аталган окуу жайдын ректору менен жолугуп, материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышты. Делегация өкүлдөрү өздөрүнө тиешелүү багыт боюнча иш алып барып, ич ара келишимдерди түздү.
Эки окуу жайдын биргелешкен аракетинин негизинде, быйыл КӨЭАУнун магистранттары 2+2, 1+1 билим берүү программасынын алкагында кош диплом алуу алдында турат.
Россияга болгон иш сапар, Москва шаарында өткөн билим берүүгө багытталган эл аралык көргөзмөгө катышуу менен жыйынтыкталды.
Айгерим Токтобаева, “КУТ БИЛИМ”
Комментарийлер