КӨЭАУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ТАШКЕНТТЕГИ ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУНА КАТЫШТЫ
- 29.10.2026
- 0
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, доцент Алтынбек Зулпукаров баштаган делегация Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия эл аралык билим берүү форумуна катышты. 
Бул абройлуу иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрү менен катар Пакистан, Польша, Түркия жана Канаданын билим берүү уюмдарынын жетекчилери, алдыңкы окумуштуулар жана эл аралык эксперттер чогулуп, интеграциялык байланыштарды талкуулашты. 
Форумдун алкагында КӨЭАУ өнөктөштүк алкагын кеңейтүү максатында Андижан мамлекеттик техникалык институту жана Денау ишкердик жана педагогика институту менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол койду. 
Ошондой эле ректор А. Зулпукаров Андижан мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, профессор Б. Расулов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, биргелешкен кош дипломдуулук программаларын өнүктүрүү, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн активдештирүү жана биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин макулдашты.
А.К., «КБ»