«КӨЭАУ периси-2025»

  • 19.05.2025
  • 0
 Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “КӨЭАУ периси — 2025” сынагы болуп өттү.
"КӨЭАУ периси-2025"
Иш-чара жаштардын эстетикалык табитин арттыруу максатында окуу жайдын жаштар комитети тарабынан уюштурулду.  Сынакка ар бир факультеттен бирден кыз тандалып алынып, жалпы жети кашыуучу ат салышты.
"КӨЭАУ периси-2025"
Өзгөчө форматта уюштурулган кароо-сынакта алгач перилер эң акыркы үлгүдөгү автоунаалар менен келип, кызыл килем аркылуу окуу жайдын маданий-эстетикалык борборунун концерттик залына киришти.  Жобого ылайык, беш  этап боюнча таланттарын, интеллектуалдык деңгээлин көрсөтүштү.
"КӨЭАУ периси-2025"
Жыйынтыгында, калыстар тобунун баалоосуна ылайык табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенти Жамаева Таңсулу «КӨЭАУ периси-2025» номинациясын жеңип алды.
"КӨЭАУ периси-2025"
Ал эми юридика-экономика факультетинин студенти Абазбек кызы Бүзейнеп жана кесиптик колледждин студенти Шамырзаева Аида 1-орунду, тарых-филология-факультетинин студенти Жапарова Орозгүл 2-орунду, инженердик-технологиялык факультетинин студенти Тухтоназарова Алиса 3-орунду камсыздашты.
"КӨЭАУ периси-2025"
Ошондой эле медициналык колледждин студенти Бакирова Гүлсана “КӨЭАУнун таланттуу периси”, гуманитардык-педагогикалык факультетинин студенти Нуркулова Айгерим “КӨЭАУнун сымбаттуу периси” номинацияларына ээ болушту. Жапарова Орозгүл инстаграмдагы күйөрмандарынын тандоосу менен «Инстаграм периси» деп тандалды.
Уюштуруучулар тарабынан жеңүүчүлөргө, жалпы катышуучуларга акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.
                                                                                                                                                                                                                                                                                                Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Бөлүшүү

Комментарийлер