“КӨЭАУ МЫРЗАСЫ -2024”

  • 29.02.2024
  • 0

28-февралда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдыгына карата мамлекеттик тил жана социалдык иштер бөлүмү жана студенттик жаштар комитети тарабынан уюштурулган “КӨЭАУ мырзасы -2024” кароо-сынагы болуп өттү.

“КӨЭАУ МЫРЗАСЫ -2024”

Кароо-сынактын жобосуна ылайык, университеттин факультет жана колледждеринен мыкты деп табылган сегиз мырза ат салышты.

Иш-чарада окуу жайдын ректору Абдилбает Мамасыдыков университеттин 30 жылдыгына карата өтүп жаткан максатына токтолуп, ар бир түзүмдөн тандалып чыккан мырзаларга ийгилик каалап, чыныгы эр азамат болгула деген тилегин билдирди.

“КӨЭАУ МЫРЗАСЫ -2024”

Сынак жалпы төрт этаптан турду. Калыстар тобунун  жыйынтыгы боюнча,  медициналык колледжинин студенти Арзыбек Акматов баш байгени багындырып, “КӨЭАУ мырзасы-2024” деп табылды. Ал эми 1-орунду кесиптик колледжинин студенти Ысмайыл Жээнали уулу, 2-орунду гуманитардык-педагогикалык факультетинин студенти  Якубжан Молдабай уулу, 3-орунду инженердик-технологиялык факультетинин студенти Абдулвахид Казаков камсыздады.

Катышуучулар кызыктуруучу диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Бул кароо-сынакты өткөрүүнүн максаты —  студенттерге жагымдуу маанай тартуулоо менен аларга кыргыз элинин маданиятын, таалим — тарбиясын көкүрөгүнө сиңирип, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу.

 

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер