КӨЭАУ Enactus Кыргызстан компаниясы менен кызматташат
- 17.03.2025
- 0
Бүгүн, 17-мартта Enactus Кыргызстан компаниясынын аткаруучу директору Алтынай Жумабекова иш сапары менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине барып, окуу жайдын ректору Абдилбает Мамасыдыковдун кабыл алуусунда болду. Тараптар жаштардын бизнес идеяларын жана долбоорлорун ишке ашырууну талкуулап, эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.

Enactus Кыргызстан компаниясынын аткаруучу директору Алтынай Жумабекова жакынкы күндөрү Ош шаарында Enactus Кыргызстан компаниясынын 30 жылдык мааракесин өткөрүүнү пландап жатканын айтып, аталган иш чарага Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин командасын активдүү катышууга чакырды. КӨЭАУнун ректору Абдилбает Асанович өнөктөш катары 30 жылдык мааракеге жакындан колдоо көрсөтөрүн билдирди.
Бөлүшүү
Комментарийлер