КӨЧМӨНДӨРДҮН ДҮЙНӨСҮНӨ ДҮЙНӨНҮН КӨЗҮ МЕНЕН
- 01.09.2026
- 0
Бүгүн, 1-сентябрда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген чет өлкөлүк журналисттер, блогерлер жана медиа өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, оюндардын программасы жана маданий иш-чаралары тууралуу маалымат берилди.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, быйылкы оюндардын масштабы кыйла кеңейди. 2014-жылы Кыргызстанда алгачкы жолу өткөн оюндарга 19 мамлекет катышса, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрү келди. Мелдештер спорттун 42 түрү боюнча өткөрүлөт.
VI ДКОну даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Эркин Маматканов белгилегендей, Көчмөндөр оюндары спорттук мелдеш менен гана чектелбестен, көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын жана салттарын дүйнөгө тааныткан эл аралык аянтчага айланды.
Оюндардын алкагында алты күндүн ичинде 800дөн ашуун маданий иш-чара өткөрүлүп, ага 65 өлкөдөн 430дан ашуун чыгармачыл топтун өкүлдөрү катышат. Негизги маданий жайлардын бири Кырчын жайлоосундагы «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасы болот. Анда боз үйлөр, улуттук айылдар, этнобазар, кол өнөрчүлөрдүн жарманкелери жана маданий программалар уюштурулат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов белгилегендей, маданий программанын негизги максаты — кыргыздын көчмөн мурасын дүйнөгө тирүү көрүнүшүндө көрсөтүү.

Мындан тышкары, «Көчмөндөр цивилизациясы: мурас, парадигма жана келечек» аттуу эл аралык конференция өтөт. Ага окумуштуулар жана эксперттер катышып, көчмөн цивилизациясынын тарыхтагы орду, мамлекеттүүлүгү, дүйнөтаанымы жана маданий мурасы талкууланат.
КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова көчмөндөрдүн тарыхын ат үстүндөгү жашоо жана боз үй менен гана чектебестен, анын илимий жана цивилизациялык мурасын кеңири изилдөө зарылдыгын белгиледи.
Оюндарды дүйнөгө жеткирүүгө 1000ден ашуун журналист, блогер жана медиа өкүлү, анын ичинде 200дөн ашуун чет өлкөлүк журналист тартылды. Алар Кыргызстандагы спорттук мелдештерди, маданий программаларды жана көчмөндөрдүн салт-санаасын эл аралык аудиторияга чагылдырышат.

(Атайын кабарчы).
Комментарийлер