КӨЧМӨНДӨР ОЮНУНДА «МЕНИН ШААРЫМ» ТИРКЕМЕСИ СИЗГЕ САНАРИП ЖАРДАМЧЫ БОЛОТ
- 27.08.2026
- 0
Алдыда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү алкагында Санариптик технологиялар борбору иш-чаранын геомаалыматтык өнөктөшү катары иш алып барууда.
Бул кызматташтыктын алкагында «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде «VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» аттуу атайын бөлүм ишке киргизилди. Анда Оюндар тууралуу негизги маалыматтар топтолуп, көрүүчүлөргө, катышуучуларга жана конокторго ыңгайлуу бир катар санариптик кызматтар сунушталууда. Тагыраагы, колдонуучулар тиркеме аркылуу Оюндардын программасы, мелдештердин графиги, шаттл-автобустардын каттамдары менен таанышып, ачылыш аземине билеттерди сатып ала алышат.
Уюштуруучулар эскерткендей, «Бишкек Аренанын» аймагына жеке автоунаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилгендигине байланыштуу, көрүүчүлөргө атайын уюштурулган шаттл-автобустарды пайдалануу сунушталат.
Ошондой эле, маалыматты ыкчам алуу жана адистер менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулган. 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Оюндар өтүп жаткан мезгилде Ысык-Көл облусунун аймагында атайын байланыш каналдары жеткиликтүү болот.
Жарандар суроолорун «Менин шаарым» тиркемесинин «Суроо берүү» бөлүмү аркылуу түздөн-түз берип же 1225 кыска номерине, ошондой эле +996 552 252 037 телефонуна WhatsApp жана Telegram аркылуу кайрыла алышат.
Бул санариптик кызматтар иш-чаранын конокторуна убакытты туура пландап, зарыл учурда адистерден тез жардам алууга толук шарт түзөт.
А.К., «КБ»
Комментарийлер